«Фантастикалык макулуктар жана алар кайда жашайт?»: Сыйкыр сен ойлогондон жакын

Бишкектин кинотеатрларында башкы ролун Эдди Редмейн жана Колин Фарелл ойногон Гарри Поттер тууралуу окуянын туундусу, «Фантастикалык макулуктар жана алар кайда жашайт?» аттуу фэнтези фильми башталды.

Кинокөрсөтүү тармагында ашкере баатырдык фильмдер үстөмдүк кылып жаткан акыркы убакта фэнтези (жомоктуу фантастика) фильмдин чыгышы таза аба жуткандай эле сезилет — айрыкча эгерде ал фильм Гарри Поттердин ааламы менен түз байланышта болсо. Ал аалам бүт дүйнө жүзүндө миллиондогон күйөрмандары бар жана кино ылайыкташмаларында эле жети миллиард доллардан ашык акча тапкан.

Жаңы тасманын баш каарманы тирүү калган бала эмес, сыйкырчы зоолог Ньют Саламандер, анын ролун Оскар сыйлыгынын ээси Эдди Редмейн аткарган. Сюжет боюнча анын кейипкери фантастикалык макулуктарды жана жандыктарды классификациялоо менен алек болот.

1926-жыл. Саламандер Нью-Йоркко сыйкырдуу жандыктар толгон чемодан менен келет — анан кыйчалыш кырдаалдан улам ал айбанаттардын экөө качып кетет.

Жаңы кинотасма Гарри Поттер тууралуу мурдагы фильмдерден катуу айырмаланат — анда жок эле дегенде тартылган жерлер көбүрөөк. Бир эле мектептин жери (кээде эле Лондондун айрым райондору) менен чектелген «поттерианадан» айырмаланып, «Фантастикалык макулуктардын» сюжети көрүүчүгө бейтааныш сыйкырдуу Америкада ачылат.

Дегинкисин, жаңы фильмди Гарри Поттер менен көп нерсе — мисалы, баарына белгилүү Хогвард мектебин эске салуу, Альбус Дамблдор тууралуу сөздөр жана эң коркунучтуу кара ниет сыйкырчылардын бири Геллерт Грин-де-Вальданын пайда болушу байланыштырып турат.

Жаңы фильмдин режиссёру — сыйкырчы бала тууралуу саганын акыркы төрт бөлүгүн жараткан Дэвид Йейтс. Анын «Фантастикалык макулуктары» Гарри Поттердин акыркы бөлүктөрүнүн (атап айтканда, «Өлүмдүн белектеринин») эң жакшы жактарын өзүнө сиңирип алган.

Жоан Роулинг менен Дэвид Йейтстин бешинчи ирет кызматташуусу көрүүчүлөргө тирүү калган бала тууралуу сүйүктүү окуянын сыйкырдуу дүйнөсүнө дагы бир сыйра сүңгүп кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Фантастикалык макулуктар» аркылуу жомокчу Роулинг буга чейин сыйкырдын бир гана айтылуу мектеби менен байланышта каралган ажайып дүйнөнүн чегин кеңейтип жүрүп отурат.

Бирок жалпы стилистикасы, үн коштоосу жана юмору жагынан бул фильм Йейтстин фильмдерине караганда Альфонсо Куарондун «Азкабан туткунуна» көбүрөөк окшош. Мында «Фантастикалык макулуктардын» сценаристи болгон жазуучу Жоан Роулинг 1920-жылдардагы сыйкырдуу Американын чөйрөсүн, ошол жылдардын керемет көрүнүшүн жана маанайын жакшы бере алган.

Фильмди эми балдар киносу деп айтууга болбойт, ал «поттериананын» мурдагы бөлүктөрүнө караганда алда канча капалуу жана чапчаң — аракеттердин жана өлүмдөрдүн мындан көп топтолушу жогоруда кеп болгон «Өлүмдүн белектеринде» гана болсо керек.

Эгерде «Фантастикалык макулуктардын» келечеги тууралуу кеп кылсак, мындай жакшы башталган фильм толук баалуу франшизага чейин өсүп жетүүгө жакшы мүмкүнчүлүгү бар. Студия өзү келечекте төрт бөлүк чыгаарын жарыя кылды.

Ошентсе да фильм таасирдүү маанайы жана алып-учкан ыргагы менен эле чектелбейт — жазуучу өз чыгармаларында татаал маани катып койгонду билет жана чоңдор аудиториясы үчүн «Фантастикалык макулуктар» чыныгы дүйнө тууралуу икая менен метафорага, куугунтук жана чоочундарды жек көрүү тууралуу баянга айланат.

«Фантастикалык макулуктар жана алар кайда жашашат?» — барып көрүп келсе боло турган жакшы үй-бүлөлүк фильм. Дэвид Йейтс менен Жоан Роулинг 1920-жылдардагы Американын маанайын көрсөтүүгө жетишип, Гарри Поттердин ааламына ыктуу аралашкан кинотасма жарата алышты.

БЕРИЛГЕН БАА
«Фантастикалык макулуктар жана алар кайда жашайт?»
fantastikalyk-makuluktar-zhana-alar-kajda-zhashajt-syjkyr-sen-ojlogondon-zhakynФильм таасирдүү маанайы жана алып-учкан ыргагы менен эле чектелбейт — жазуучу өз чыгармаларында татаал маани катып койгонду билет жана чоңдор аудиториясы үчүн «Фантастикалык макулуктар» чыныгы дүйнө тууралуу икая менен метафорага, куугунтук жана чоочундарды жек көрүү тууралуу баянга айланат.