Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөргө каршы чыккан кишини «Ой Ордо» программасынын эфирине киргизбей коюшту

Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөргө «каршы» үгүттөгөн топтун өкүлү Адил Турдукуловду 22-ноябрда КТРКнын «Ой Ордо» программасынын эфирине киргизбей коюшту. Телерадиокорпорациянын администрациясы ал берүүгө катыша тургандыгын алдын ала билдирбегендиктен киргизилбей калганын кабарлады.

Оппозициячы жана Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөргө каршы үгүт тобунун мүчөсү Адил Турдукуловдун айтымында, аны 22-ноябрда «Ой Ордо» программасынын эфирине киргизбей коюшту. Ток-шоунун темасы өлкөнүн Баш мыйзамына киргизилчү өзгөртүүлөрдү талкуулоого арналган.

Турдукуловду берүүгө көрүүчү катары да киргизбей коюшкан, анткени ал коноктордун жана эксперттердин тизмесинде болгон эмес.

«Мени Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөргө каршы биздин топтун атынан жөнөтүшкөн […]. Алар бул тууралуу алдын ала кеңеш алышкан, БШКдагылар баарына бирдей укук берилиши керек экенин айтышкан. Бирок Мырзакул Мамбеталиев, […] анан “Ой Ордо” программасынын продюсери чыгып, экөө тизмеге киргендер гана кире алышаарын баса көрсөтүп туруп алышты», — деди ал.

Анын айтымында, «кереги жок» кишилерди эфирге кое бербей коюу — бул КТРКнын «системалуу саясаты».

КТРКнын аппарат жетекчиси Руслан Асанбеков Kloop.kgге Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөргө каршы үгүт тобунун өкүлү «Ой Ордо» берүүсүнө катшуусун алдын ала макулдашпаганын билдирди.

«КТРК — бул стратегиялык объект, бизди ИИМдин атайын сакчылык бөлүмү кайтарат, алар менен биздин тиешелүү жобобуз бар, ал боюнча корпорацияга келгендердин баары тиешелүү өткөрмө күбөлүк же алдын ала даярдалган тизме боюнча киришет. […] Жөн эле, “киргим келип атат” деген бизде болбойт», — деди ал.

Анын айтымында, берүүлөрдүн бардык катышуучулары алдын-ала чакырылып, тизмеси редакция менен макулдашылып, ошондон кийин гана алар КТРКга кире алышат.

БШКнын үгүт топтору менен иш уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Кайрат Осмоналиев Kloop.kg ге акысыз эфир убактысы 23-ноябрда кечки саат сегизден өткөндөн кийин гана бериле баштай тургандыгын билдирди.

«Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөргө каршы үгүт тобунун өкүлү үгүттүн башталышы боюнча регламентти туура эмес түшүнүп калган го деп ойлоп атам. Мыйзамда каралгандай, эфир убактысы бүгүнтөн баштап биз 17-октябрда кармаган чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча берилет», — деди ал.

БШКнын сайтында референдум боюнча үгүт топторуна акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик ЖМКда акысыз аянтча берүүнүн графиги жарыяланган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча бардыгы болуп Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөргө каршы чыккан төрт топ, аларды колдогон тогуз топ катталган. Бирок, Осмоналиевдин айтымында, топтор көбөйүшү мүмкүн, анткени каттоо 30-ноябрга чейин улантылат.

Авторлошу: Анна Капушенко