Каракол зоопаркындагы айбанаттар ачкачылык алдында турушат. Эмне белгилүү?

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргызстандагы бирден-бир зоопаркты каржылоону токтотту. Зоопарктын кызматкерлери айбанаттарга тоют алып бериш үчүн айлыктарын да беришти. Ысык-Көл областынын башчысы да бир айлык эмгек акысын которууга убада берип, башка аткаминерлерди да ошого үндөдү.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан Кыргызстандагы бирден-бир зоопарктын 35 түрдүү айбанаты жакында ачка калышы мүмкүн.

Сүлөөсүн — Каракол зоопаркында жашаган айбанаттардын бири.

Зоопарк үч каржы булагынан — «Кумтөр» алтын казуу корпорациясынан, Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктен жана Кызыл китепке кирген жаныбарларды багууга акча бөлө турган NABU уюмунан (Германиянын Жаратылышты коргоо бирикмеси) каржыланат.

Зоопарктын кызматкерлери жарым жыл мурун Абдыкалык Рустамов Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик комитеттин директору болуп дайындалып келгенден тартып кыйынчылыкка туш болушту.

Мамлекеттик агенттиктин жаңы башчысы Рустамов айбанаттардын тамак-ашына акча бөлүп берүүдөн баш тартты. Зоопаркты башкарган «Бугу Эне» коомдук фондунун кызматкерлери бул тууралуу телефонограмма алышты.

Айбанаттарга тамак берген киши иштен кетиши мүмкүн. Сүрөт: Zanoza

«Өзгөчө көрсөтмө берилгенге чейин Каракол шаарынын жапайы айбанаттары үчүн тоют сатып алуу долбоору боюнча каржылоого тыюу салынсын. Бул тапшырманы бузган жетекчи жана башкы бухгалтер иштен кетирүүгө чейинки тартип жоопкерчилигине тартылат», — деп айтылат телефонограммада.

Зоопарк быйыл мамлекеттен төрт миллион сом алган, Рустамов болсо калган 500 миң сомду которууга тыюу салды.

Каракол зоопаркындагы бөлтүрүктөрдүн үйүрү.

«Бугу Эне» коомдук фондунун президенти Салтанат Сеитова Kloop.kgге жакында жаныбарлар ачкачылыкка учурай тургандыгын айтты.

Караколдун Симба деген өзүнүн арстаны да бар.

«Ноябрдын салыгын эми төлөй албайбыз. Карызга акча издеп жүрөбүз. Айлыкты кантип төлөш керек — билбейм. Зоопаркта менден тышкары 14 киши иштейт. Эгер алар ансыз деле кичинекей айлыгын албай калышса, кетип эле калышат»,— деди Сеитова.

Мамлекет жеке менчик компанияны каржылоодо

Рустамовдун айтымында 2016-жылы зоопаркка төрт миллион сом бөлүнгөн. 2015-жылы зоопарк үч миллион сомго жакын, 2014-жылы эки миллион сомдон ашык акча алган. Рустамовдун айтымында, үч жыл ичинде мамлекеттик агенттик зоопаркка 12 миллион сомдон ашуун акча бөлүп берген.

«Мен адегенде Жаратылышты коргоо боюнча республикалык фонддун жана жергиликтүү фонддордун жобосун карап, биз жеке менчик компанияны каржылаганга акыбыз барбы, дегеле эмне үчүн аны каржылай баштадык, эмне үчүн биринчи жетекчи ошондой чечим кабыл алды, ошону билейин»,— заявил Рустамов.

Аткаминерлер зоопаркка акча бөлүш-бөлбөш керек экенин аныктагыча айбанаттар ачка отурушат.

Жыл сайын айбанаттардын тоютуна 6,5 миллион сом жумшалат, алардын ичинен 4,5 миллион сомун мамлекет бөлүп берет.

«Кумтөр» менен болгон чатак

Сеитованын айтымында, жапайы айбанаттарды тоюндурууга акча бөлүп өз салымын кошуп келаткан «Кумтөр» алтын кен компаниясы менен Рустамов чырдаша кеткен.

Бирок Рустамовдун «Кумтөр» менен болгон чатагынын себеби белгисиз. Kloop.kg менен болгон маекте ал «Кумтөр» Рустамовдун буйругу боюнча айбанаттарга тамак берүү үчүн акча бөлүүдөн баш тартканын айтты.

Каракол зоопаркында чоң айбанаттардан тышкары алардын балдары да бар, алар өз убагында тамактандырууга айрыкча муктаж.

Рустамов «Кумтөр» менен эч качан чатакташпаганын айтат.

«Мен аларга “Кумтөр” акча төлөбөй коюшуна кантип таасир этмек элем? Биз “Кумтөр” менен чатакташкан эмеспиз. “Кумтөр”— бул өзүнчө субъект, ал өз каражаттарын кандай пайдаланса өзү билет. Мен “Кумтөргө” акча бергиле же бербегиле деп буйрук бере албайм да»,— деди Рустамов Kloop.kgге.

Каракол зоопаркында бир үйүр карышкыр жашайт.

Рустамовдун айтымында, Сеитова аны айыптаган себеби — «Кумтөр» өзү убада кылган 30 миң доллардын ичинен «Бугу-Эне» фондуна 15 миңин гана бөлүп берген.

«Кумтөр» компаниясынан комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Ысык-Көлдүн аткаминерлери жаныбарларды багууга өз айлыгын беришүүдө

Ысык-Көл областынын башчысы Асхат Акибаев «Бугу-Эне» коомдук фондунун президенти Салтанат Сеитова жана Каракол мэриясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Ал зоопарктын айбанаттарын тамактандырууга өзүнүн бир айлык эмгек акысын которууга убада берип, башка аткаминерлерди да ошого үндөдү.

Аткаминерлердин айлыгы «Бугу-Эне» фондуна которулган күндө деле жаныбарларды ойдогудай тамактандырууга акча жетпейт.

«Эгерде бүгүн зоопарктын кызматкерлери белгилүү бир чыгашаларга барып жатышса, мен да четте калгым келбейт, өзүмдүн бир айлык эмгек акымды айбанаттарга тоют алып берүүгө зоопарктын эсебине котороюн деген ниетим бар. Албетте, бул бардык муктаждыкты жаппайт, бирок башка түзүмдөрдүн жетекчилери да маселе чечилгиче менден өрнөк алышат деп үмүт кылам», — деди ал.

Акибаев бул өлкөдөгү бирден-бир зоопарк болгондуктан кызыкчылыгы бар тараптардын баары маселени сүйлөшүү жолу менен чечиши керек экенин айтты.

Караколдогу зоопарк 1987-жылы курулган. Азыр анда 35 түрдүү 150 баш жаныбар кармалып турат, алардын жетөө Кызыл китепке киргизилген.

Авторлошу: Анна Капушенко
Сүрөт: «Бугу-Эне» фонду