Израилдин токойлору өрттөнүүдө: Бийлик Хайфанын 60 000 тургунун чыгарды

Израиль куткаруучулары үч күндөн бери өлкөнүн түндүк жана борбордук бөлүктөрүндө өрттөнүп жаткан токойлорду өчүрө албай жатышат. Жүздөгөн киши түтүндөн жабыр тартып, ири шаар Хайфанын 60 000 тургуну опурталдуу зонадан чыгарылды.

23-ноябрда Израилдин түндүгүндө токойлорду каптаган өрт опурталдуу чекке жетип, Хайфадагы турак үйлөргө жапжакын келип калды. 270 миң киши жашаган шаардан 60 миң киши, анын ичинде Израилдеги эң ири Дагон түрмөсүндө камакта отургандар да чыгарылды.

Айрым тургундар от менен түтүн камаган үйлөрдөн чыга албай жатышат.

«Рейтер» маалымат агенттигинин билдиргени боюнча, жүздөгөн үйлөр жабыр тартып, талкаланган, бирок азырынча курман болгондор же өтө олуттуу жабыркаган тургундар тууралуу маалымат жок.

Кырдаалды кургакчыл аба ырайы жана өрттү андан ары тараткан шамал күчөтүүдө ― Израилдин айрым бөлүктөрүндө бир нече айдан бери жамгыр жаай элек. Аба ырайы тууралуу маалыматка караганда абал жакшырчудай эмес — жакынкы күндөрү метеорологдор катуу шамал болоорун болжоп жатышат.

Өрт Хайфанын кварталдарын аралап өттү. Сүрөт: Баз Ратнер \ Reuters.

Израилдин бийлик өкүлдөрү бир күн мурда коомдук түйүндөрдө өрт коюуга үндөгөн чакырыктар болгонун билдиришкен.

Ички иштер министри Гилад Эрдан өрт коюуга байланыштуу күмөн менен бир нече киши кармалганын кабарлады.

Тургундар опурталдуу райондордон кетип жатышат. Сүрөт: AP.

Премьер-министр Беньямин Нетаньяху «өрт коюучуларды» «террорчуларга» теңеди.

«От коюудан же от коюуга көкүтүүдөн чыккан ар бир өрт ― террорчулук, мен ага ошондой эле мамиле кылам», ― деди Нетаньяху.

Израиль парламентиндеги араб блогунун башчысы Айман Одехтин пикиринде, Нетаньяхунун билдирүүсү ― арабдарга каршы көкүтүү.

Одех от коюу боюнча шектенүү менен кармалгандар палестиндиктер экенин айтып, өрттөн араб райондору алда канча көбүрөөк зыян тартканын өкмөттүн эсине салды.

Өрт менен күрөшкө жүздөгөн өрт өчүрүүчүлөр тартылган, Израилге өрт өчүрүүдө Орусия, Түркия, Кипр, Хорватия, Грекия жана Италия жардам беришти. Бул өлкөлөр Израилге от менен күрөшүү үчүн учактарын беришти.

Израиль аскерлеринин издөө батальондору жарандарды опурталдуу аймактардан чыгарууну улантууда.