Ми-8 тик учагынын жасалма документтер боюнча сатылышы. Эмне белгилүү?

Транспорт прокуратурасы Ми-8 тик учагынын жасалма документтер менен сатылышы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бийлик өкүлдөрү тик учак чет өлкөлүк компанияга таандык болгонун, бирок бир жыл ичинде Кыргызстанда жүргөнүн айтып жатышат. Кийинчерээк ал жасалма документтер менен кыргыз тик учагы катары чет өлкөлүк компанияга сатылып кеткен.

Башкы прокуратуранн маалыматы боюнча, 2013-жылы Жарандык авиация агенттигинин кызматкери У. Ш. Кыргызстандын аба учактар реестринде «чет өлкөлүк» Ми-8 тик учагын каттоого уруксат документин берген.

Тик учак башында азыр аты аталбаган чет өлкөлүк компанияга таандык болгон. Ал Кыргызстандын аймагында 2013-жылдан 2014-жылга чейин жүргөн.

Уруксат документтери берилгенден кийин тик учак Кыргызстандын аба учактарынын реестрине киргизилген. 2014-жылы тик учакка ээ болгон компания аны башка компанияга сатмак болгонуна байланыштуу реестрден чыгарууну суранган.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, ээлик кылган компания аба учагынын каттоодон чыгарылганы тууралуу күбөлүк алып, андан соң тик учак сатылган.

2016-жылы тик учактын жаңы кожоюндары Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигине кайрылып, берилген уруксат документтеринин канчалык мыйзамдуу экенин текшермек болушкан.

Атайын түзүлгөн комиссия Ми-8 тик учагы Кыргызстандын аба учактар реестринде катталбаганын, агенттик ага эч кандай уруксат документтерин бербегенин аныктап чыкты.

«Комиссияга берилген документтер Жарандык авиация агенттигинин документтеринин түп нускасына окшош. Анда керектен чыгарылган жана жок кылынган так эсеп бланктарынын, ошондой эле башка компанияларга берилген бланктардын номерлери пайдаланылган», ― деп айтылат Башкы прокуратуранын расмий билдирүүсүндө.

Тик учак «Кыргызстандыкы болуп эсептелчү»

Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Рустам Жунусалиев Kloop.kgге анын адистери тик учакты Кыргызстандын реестрине киргизген жана чыгарган документтер жок экенин аныкташканын айтып берди.

Жунусалиевдин айтымында, Ми-8 учагынын болжолдуу баасы 15тен 18 миллион долларга чейин турат. Анын наркы чыгарылган жылынан, абалынан жана кайсы өлкөдө катталганынан көз каранды.

«Реестр ― бул эл аралык стандарт, аба учагы үчүн бул улуту сыяктуу, реестрине катталган [мамлекетине жараша]. Башкача айтканда эгерде ал [тик учак] АКШнын реестринде болсо, демек ал ― “америкалык”. Бул болсо бир жылча Кыргызстандыкы болгон деп чыгып атат», — деп түшүндүрдү Жунусалиев.

Транспорт прокуратурасы уруксат документтерин жасалма даярдоо жана кызмат абалынан ашкере пайдалануу фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатат.

Авторлошу: Анна Лелик
Сүрөт: European pressphoto agency