Москвадагы «киши өлтүргүч бала багуучу» түрмөнүн ордуна жиндиканага жөнөтүлдү

Сот Гүлчехра Бобокулованы киши өлтүргүч деп таанып, бирок акыл-эси жайында эмес деп эсептеп, психиатриялык ооруканага мажбурлап дарылоого жөнөттү. 2016-жылдын февралында бул аял өзү кызмат кылган үй-бүлөнүн батирин өрттөп, төрт жашар кызынын башын кесип салган.

Москва прокуратурасы өз күнөөсүн моюнга алган бала багуучу Гүлчехра Бобокулованы кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну суранды. Соттолуучу психиатриялык ооруканага мажбурлап дарылоого жөнөтүлөт.

Бул аял өз мекени Өзбекстанда жүргөн кезде эле шизофрениясы бар экени аныкталган. Бобокулованын туугандары ал бир нече жолу дарыланганын айтышты. Дарт белгиси анын Орусияга иштегени барып, киши колдуу болгон кызды бир жарым жыл багышына жолтоо болгон эмес.

Бобокулованын айтымында, ал кичинекей кызды өлтүрүшүнө кыздын «таптакыр айласыз абалда болгону» себеп болгон ― ал кыз балдардын церебралдык шал оорусу менен ооруган.

Бала баккыч 2016-жылдын 29-февралында «Октябрское поле» метро станциясынын жанында кармалган. Ал баланын кесилген башын колуна кармап алып, өзүн террорчумун деп басып жүргөн.

«Мен демократияны жек көрөм. Мен террорчумун. Мен силердин өлүмүңөрдү каалайм» — деп кыйкырган аял.

Башы кесилген секелек кыздын өлүгү бала баккыч иштеген Народное ополчение көчөсүндөгү батирде табылган — ал батирди өрттөп жиберген.