Борбордук шайлоо комиссиясы КУУнун администрациясы кандай себептер менен Контитуцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккан топтордун өкүлдөрүн студенттерге үгүт жүргүзүү үчүн киргизбей койгонун териштирет. Үгүтчүлөр сөз сүйлөө үчүн уруксат алышкан болчу.
Конституцияга түзөтүү киргизүүгө каршылар, оппозиционер Мавлян Аскарбеков менен укук коргоочу Рита Карасартованы Кыргыз улуттук университетинин мугалимдери 18-ноябрда студенттердин арасында үгүт иштерин жүргүзүү үчүн киргизбей коюшкан.
БШКнын өкүлү Гульнара Журабаева үгүтчүлөр студенттер менен жолугушууга алдын ала бекитилген график боюнча келгенин ырастады. Бирок окуу жайдын администрациясы шайлоолор жана референдум боюнча мыйзамды бузуп, аларды киргизбей коюшкан.
«Эмнеге жогорку окуу жайдын жетекчилиги Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө макул деген топту киргизип, каршыларды киргизбей койгонун териштирүү керек», — деди ал.
Карасартованын айтымында, КУУ студенттер менен жолугушуулардын графигин алдын ала илип койгон. Бирок студенттердин алдына чыгып сүйлөө үчүн «бийлик койгон» юристтер эле киргизилген.
Укук коргоочунун айтымында, качан ал барып, сөз сүйлөө үчүн аянт түзүп берүүсүн өтүнгөндө, «окуу жайдын мугалимдери студенттерди таратып жиберишкен».
Кыргыз улуттук университетинин администрацисынан бул окуя боюнча эч кандай комментарий бере элек.
Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы үгүт топотору Боршайкомдо катталып, 15-ноябрдан тарта референдумда добуш берүү боюнча эл менен жолугушуу өткөрүү укугуна ээ.
Элдик референдум 11-декабрга белгиленген, ошол эле күнү жергиликтүү кеңештерге шайлоолор да өтмөкчү.
ТЕМА БОЮНЧА:
Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр боюнча маалымдама. Эмне өзгөрөт?