Пара алуу боюнча айыпталган аткаминер миграция кызматын башкарып калды

Мамлекеттик миграция кызматын Нурлан Шерипов башкарат. Ал 2016-жылдын мартында 100 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармалып, кылмыш иши козголгон. Шериповго карата кылмыш иши пара делген акча «карыз» болуп чыккандан кийин май айында жабылган.

Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын жаңы башчысы 21-ноябрдан тарта Нурлан Шерипов болуп калды. Аны ушул жылдын мартында коррупция жана опузалоо боюнча айыптап жатышкан болчу.

Нурлан Шериповду 2016-жылдын 22-мартында 100 сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармаган учурда ал Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) статс-катчысы кызматын ээлеп турган.

Анын кармалышынын себеби Шериповдун жана анын кесиптештеринин «өзүм билемдик аракеттеринин» үстүнөн 12-мартта жазылган арыз болгон.

Аты-жөнү айтылбаган жарандын билдиришинче, МККнын аткаминерлери эки «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаага мыйзамсыз ээ болуп, андан 550 миң сом талап кылган.

Анда Нурлан Шериповду убактылуу кармоо изоляторуна киргизип, ага карата «пара талап кылуу» жана «өзүм билемдик» боюнча кылмыш иши козголгон.

Ушул жылдын майында жарыялангандай, пара «карыз» болуп чыккан. Нурлан Шериповдун адвокаты Жыргал Бабаевдин айтымында, кылмыш иши жабылган, анткени аткаминер менен жабырлануучунун ортосунда «турмуш-тиричилик мүнөзүндөгү окуя» болгон.

Адвокат билдиргендей, коррупцияга каршы кызматына статс-катчы Шериповдун үстүнөн арыз жазган киши 550 миң сом карызы бар анын тууганы болуп чыккан. Шерипов дал ошол «карызынан» 100 миң сом алып жаткан убакта кармалган.

Сүрөт: КирТАГ