Куба революциясынын лидери Фидель Кастро 25-ноябрь күнү кечинде 90 жаш курагында көз жумду. Ал Кубаны 50 жылдан бери башкарып келген.

Фидель Кастро 25-ноябрдын кечинде көз жумган. Бул туурасында куба мамлекеттик телеканалынан 26-ноябрга караган түнү кабарлашкан. Ал 4-декабрда жерге берилет.

Куба революциясынын жол башчысынын сөөгү, маркумдун акыркы керээзи боюнча, кремацияланат (өрттөлөт).

Фидель Кастронун ден соолугу 2006-жылы ичеги-карын ооруларынын күчөшүнөн кийин начарлап кеткен. Ошол себептүү ал Мамсоветтин жана Министрлер советинин милдет жана ыйгарым укуктарын өз иниси Рауль Кастрого өткөрүп берген.

ЖМК мурда дагы Кастронун өлгөнүн, же катуу ооруп калганын жазып чыккан. Мисалы, Кубанын лидери Паркинсон оорусуна чалдыгып, инсульт болуп жана мээсине кан куюлган деп шек санашкан. Бирок Кубанын өкмөтү дайыма ушак-айыңдарды четке кагып келген.

Фидель 2016-жылы коммунисттердин съездинде чыгып сөз сүйлөп Куба менен коштошкон. Ал жакында өлөөрүн билдирип, анын коммунизм көз карашын аягына чыгарууну өтүнгөн.

Кастро өлкөнүн өкмөтүн башкарып турганча анын иниси Рауль Кубанын куралдуу күчтөрүнө жооп берип турган.

Фидель Кастронун жашоосу жана саясий ишмердүүлүгү үчүн ага 638 жолу кол салуу болгон. Дээрлик баарын Американын Борбордук чалгындоо башкармалыгы уюштурганын билдиришкен.

АКШ менен Кубанын ортосундагы мамиле дайыма дурус болбой, акыркы жылдарда гана байланыш калыбына келе баштаган. Барак Обама «эркиндик аралы» менен дипломатиялык мамилелерди жөнгө салган. Мындай кадам 1961-жылдагы президент Дуайт Эйзенхауэр убагынан бери биринчи жолу жасалып жатат.

АКШнын бийлиги 1961-жылы Кастрону бийликтен кулатууга аракет кылып, бирок америкалык аскерлердин Чочко булуңуна түшүрүлүшү ийгиликсиз аяктаган.

АКШ жооп катары аралга карата экономикалык бөгөт койгон. Анда Советтер Союзу Эркиндик аралын экономикалык жактан колдоп турган.

Кастро Кубада 1926-жылдын 13-августунда төрөлгөн, Гавана университетинен юридикалы билим алган.
Качан 1952-жылы аскердик төңкөрүштөн кийин бийлик Фульхенсио Батистаны колго түшүргөндөн кийин Кастро тилектеш тобу менен куралдуу каршылык көрсөткөн топту башкарып калган.
Сантьяго-де-Кубадагы куралдуу кол салууда Кастро камалган. Ошондо сотто анын «Тарых мени актайт» деген сүйлөгөн сөзү эл арасында түшпөй айтылып калган.
Соттун чечими менен 15 жылга кесилип, бирок 1955-жылы амнистия боюнча эркиндикке чыккан.

Түрмөдөн чыккандан кийин ал тилектештери менен бирге Мексикада революция жасоого даярдык көргөн. Алардын арасында Эрнесто Че Гевара да болгон.

Кастро башкарган көтөрүлүшчү аскерлер тобу 1959-жылы Гавананы колго алган (Кубанын борбору), андан соң ал Кубаны 49 жылдан ашык убакыт башкарган.

Айрымдары аны ырайымсыз тиран деп атаса, кээ бири революциялык каарман катары көрүшөт.
Сүрөт: Mashable