«Азаттык»: «Хизбутка» үндөгөн аял

Ошто 33 жаштагы аялга ИМдин ишмердүүлүгүнө кол кабыш кылган деген айып тагылып, кылмыш иши козголду. Ал тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний уюмунун Кыргызстандагы аялдар түйүнүнүн жетекчиси экени да аныкталды.

Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.

Адистер аялдардын радикалдашуусу тымызын кулач жайып бара жатканын белгилешет.

33 жаштагы Шаира 2015-жылы жай айларында Сирияга баратат деген шек менен Ош-Стамбул каттамындагы учактан түшүрүлүп калган. Ошол кезде бул окуя боюнча үч адам кармалган. Тергөө учурунда алардын жарандарды Сирия, Ирактага согушка азгырып, жиберип жүргөнү аныкталып, камалышкан.

Ал окуяда Шаира күбө катары гана өтүп, жетиштүү далил заттардын жоктугунан жоопкерчиликке тартылган эмес. Бирок ошондон бери коопсуздук кызматынын көзөмөлүндө жүргөн. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдирди:

- Жакында ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тыюу салынган ИМ тобунун жана «Таухид вал-Жихад» агымынын үгүт, чакырык баракчаларын таркатып жүргөн жеринен кармалган. Кармоо учурунда анын жанынан жана тинтүү мезгилинде үйүнөн тыюу салынган диний-экстремисттик адабияттар, дисктер табылган. Бул материалдар боюнча теологиялык экспертиза жүргүзүлүп, анын корутундусуна ылайык, 18-ноябрь күнү ага кылмыш иши козголду. Ошондой эле ал экстремисттик "Хизб-ут Тахрир" кыймылынын Кыргызстандагы аялдар канатын жетектеп келгени да аныкталды.

КМШ уюмунун антитеррордук борбору акыркы жылдары аялдардын диний радикализмге берилүүсү 24% көбөйгөнүн маалымдоодо. Бул көрсөткүчтүн ичинде кыргызстандык аялдар да бар. Байкоочулар буга өлкөдө диний көз караштагы аялдар менен иш жүргүзгөн расмий уюмдар жоктугун себеп кылышууда.

Сабатсыздык радикализмге түртөт

Муфтият жана Дин иштери боюнча комиссия диний көз караштагы аялдар менен иш алып барып, аларды окутуу иштерин жүргүзүү керек деген пикирин “Мутакалим” уюмунун төрайымы Жамал Фронтбек кызы “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, “Аялдардын исламдагы орду” деген темада лекция-дааваттар менен радикализм маселесин чече албайбыз:

- Аялдар диний жактан сабатсыз. Аларга бурмаланган, туура эмес агымдагы дин тууралуу гана маалыматтар берилсе, алар ошону туура деп санай берет. Эң жаманы – бир аял радикал уюмга кирсе, ал жалгыз кирбейт, анын артынан бала-чакасы, үй-бүлөсү кошо кирет. Ошондуктан, аялдарга өзгөчө мамиле зарыл. Мен бул маселени канча убактан бери көтөрүп келе жатам, бирок көңүл бурулган жок. Дин аялдары менен азыр эч ким мамлекеттик деңгээлде иштебей жатат. Концепцияда жазылганы менен, эркектерди окутуу иштери жүрүп жатат, аялдар көз жаздымында кала берүүдө.

Ушул тапта айылдарда, шаарларда аялдар апта сайын бир үйгө же кандайдыр бир имараттарга чогулуп, ошол жерден дин тууралуу сабак алышат. Бул көбүнчө “хужура” же “таалим” деп айтылат. Мындай сабактар негизинен аптанын бейшемби күндөрү болот. Анда аялдар чай үстүндө ислам дини, аялдардын исламдагы орду жана башка маселелер тууралуу сүйлөшөт.

Ушундай таалим сабагына бир нече жылдан бери тынбай каттап жүргөн Эркеайым мындай сабактар коопсуздук кызматы же башка органдар тарабынан көзөмөлдөнгөн учурун билбейт. Бирок ал өзү Кыргызстанда уруксат берилген диний агымдын сабагын окуп жүрөм деп бекемдейт:

- Бизге билимдүү, диний жогорку билими бар эжей сабак өтөт. Ал эже деле айтат, “азыр Кыргызстанда түрдүү агымдар көбөйдү. Өзүңөр китептерди окуп, билим алгыла. Кыргызстанда уруксат берилбеген масхабдарга кошулбагыла” деп айтат. Кээде бизде деле аялдар сөз кылып калышат, акыркы жылдары ар кандай агымдар аябай көбөйдү деп айтышат.

Маалыматтар боюнча, аялдардын мындай “таалим” сабактары коопсуздук кызматтары тарабынан көзөмөлдөнбөйт. Ошондуктан, байкоочулар мына ушундай тар чөйрөлөрдөгү чогулуулар аялдарды радикалдык идеяларга түртүүчү очок болуп калуусу толук ыктымалдыгын белгилешет.

Дин таануучу Назира Курбанованын “Азаттыкка” айтуусунда, аялдардын диний сабатын жоюуга муктаждык бар:

- Аялдарга ислам дини тууралуу сабак өтүүчү уюмдар мамлекеттик дин комиссиясынан каттоодон өтөт. Алар албетте текшерет. Бирок ошол эле учурда андай сабактарды мыйзамсыз диний агымдар деле уюштуруп, өткөрүүсү ыктымал. Эгер аялдардын диний сабаты төмөн болсо, андай аялды туура эмес багытка алып кетүү да оңой болот. Демек, муктаждык бар. Ошондуктан, муфтияттын деңгээлинде аялдарга ачык диний билим берүүчү бөлүмдөрдү ачуу зарылчылыгы бар.

“Хужра”, “таалим” сыяктуу аялдарга диний багытта таалим-тарбия берүүчү сабактардын тар чөйрөдө окутулуп жатканы тууралуу өткөн жылы Коргоо кеңешинде да каралып, аялдардын диний сабатсыздыгын жоюу үчүн мамлекеттик деңгээлде иш жүргүзүү чечимдери кабыл алынган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы боюнча, Концепцияга ылайык, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар менен биргеликте муфтияттын жардамы менен аялдар үчүн семинар, лекциялар өткөрүлгөн. Мындан тышкары аялдарга диний маалымат берүү боюнча дагы долбоорлор иштеп, атайын маалыматтык баракчалар даярдалган.

Сүрөт: Mirror