Казакстан: Назарбаев Астананы Назарбаев деп өзгөртүүгө каршы

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астананын аты өзгөрбөй турганын билдирди. Айтымында, шаардын аталышы бренд болуп калгандыктан аны өзгөртүүгө «кажет жок».

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астананы Нурсултан же Назарбаев деп өзгөртүү тууралуу депутаттардын сунушуна үн катты.

«Бул бренд, ошондуктан анын аталышын алмаштырууга зарылчылык жок. Мен көрбөй турам. Астанада ЕККУнун XXI кылымдагы биринчи саммити өттү, Азиянын кышкы оюндары болду. Азыр ЭКСПО-2017 болот. Дүйнөдөгү салттык диндердин съезди. Мунун баары Казакстан менен байланыштуу, бирок бардык жерде «Астана» аты угулууда. Муну өзгөртүүнүн эмне зарылчылыгы бар?» — деген ал.

Президент борбордун атын өзгөртүүнү сунуштабаганын айткан.

«Бул тема боюнча мен көп жолу айткам. Мен бардык жерде Нур, Нурлы деп жазууну буйрук берип жаткандай кабыл алышат экен. Мына азыр борборго менин атымды берүү боюнча парламент сунуштады. Мен мындай сунуштарды айткан эмесмин», — деген ал.

Назарбаев 25 жыл бою президентке колдоо көрсөтүп келгени үчүн парламентке ыраазычылык билдирген.

Астанадан Назарбаевге

Мажилис депутаты Куаныш Султанов 23-ноябрда Казакстандын президентинин атын борбор Астанага берип, түбөлүккө калтырууну сунуштап чыккан.

Сенатор Куаныш Султанов. Фото: Nur.kz
Сенатор Куаныш Султанов. Сүрөт: Nur.kz

Парламенттин эки палатасынын тең биргелешкен отурумунда өлкөнүн мамлекеттик катчысы, президенттин администрациясынын башчысы жана Сенаттын бардык депутаттары катышкан. Куаныша Султановдун сунушун дээрлик бир добуштан колдошкон —«макул» деп 107нин ичинен 104ү добуш берген.

«Көз карандысыздыктын улуу жолу түбөлүккө калышы керек. Өлкөнүн конституциясында мамлекеттик биринчи президентибиз, улуттун лидери Нурсултан Абишевич Назарбаевдин зор салымын белгилеп кетүүнү сунуштайм. Елбасынын атын борбор калаага жана башка маанилүү объекттерге берүү керек», — деп негиздеген өз сунушун депутат.

Астананы буга чейин 2013-жылы Нурсултан шаарына өзгөртүүнү сунуштап чыгышкан, демилгечиси Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү Султан Сартаев болгон. Ага чейин болсо 2009-жылы Азербайжандын элчиси Лятиф Гандилов дагы Астананы Султан-Ата деп өзгөртүүнү сунуштаган.

Казакстандыктардын реакциясы

Казакстандык депутаттардын демилгесин казакстандыктар тамаша менен кабыл алышкан.

«Фэйсбуктун» колдонуучулары мындай деп жазган.

Арман Баймуратов өлкө классиктердин изи менен баратканын айткан.

Михаил Шапорин потенциалдуу назарбаевдик же нурсултандыктын диалогун элестетип көргөн.

Александр Золотухин өзүнүн аталыштар версиясын да сунуштаган.

Нуртас Адамбай болсо мындан ары бардык нерсенин атын өзгөртүп салаарын божомолдогон.

«Твиттердин» колдонуучулары да шакаба чеккен.

@Baryska Казакстандын келечектеги ыктымал гимнин сунуштаган.

@Dubovskiy1997 Астананын атын өзгөртүү идеясы кантип пайда болгонун элестетип көргөн.

@Segozavr келечекти айтып берет.

@OLevickaya Орусия эбак муну караштырып койгон дейт.

@ZigmundBalash нурсултандыктын Нурсултандагы окуяларын сюжетин сүрөттөгөн.

Сүрөт: Presidential-club