Колумбияда бразилиялык футболчулар түшкөн учак кыйрады. Эмне белгилүү?

Колумбияда бразилиялык «Шапекоэнсе» клубунун командасы түшкөн жүргүнчү учагы кыйрады. 72 жургүнчүдөн жана экипаждын тогуз мүчөсүнөн алты киши тирүү чыкты.

Боливиядан (Санта-Клаус шаарынан) Колумбияга (Медельин шаарына) бараткан учакта 72 жүргүнчү жана экипаждын 9 мүчөсү болгон. Ал Колумбиянын Антиокия провинциясында Ла Уньон шаарынын жанында кыйрады. Учак кулап баратып экиге бөлүнүп кетти.

Каргаша болгон жер. Сүрөт: Policiantioqula

Аман калган төрт жүргүнчү белгилүү — алар футболчулар Алан Рушель, Жексон Фоллман, Земпиер Нето жана журналист Рафаэль Вальморбида болуп чыкты. Сыныктардын астынан дарбазачы Данило Падильяны да алып чыгышты, бирок ал кийинчерээк жаракатынан улам кайтыш болду.

Экипаждын эки мүчөсү — Химена Суарес жана Эрвин Тумири аман калды. Тирүү калгандардын баары ооруканага жеткирилди.

Сот-медицина эксперттери сыныктардын алдынан курман болгондорду алып чыгышууда. Сүрөт: AP

Футболчулардан тышкары, учакта клубдун бардык машыктыруучулар штабы, 20 журналист жана техникалык кызматкерлер болгон. Жүргүнчүлөрдүн тизмесиндеги машыктыруучунун баласы документтеринин айынан рейске кошулбай калып, ошондуктан аман калган.

«Chapecoense» футбол командасы.

Бразилиялык клуб Түштүк Америка Кубогунун финалынын биринчи матчын колумбиялык футбол клубу «Атлетико Насьональ» менен ойногону учуп бараткан. Беттешүү 1-декабрда өтмөк.

Кубоктун финалы «Шапекоэнсенин» тарыхында эң маанилүү матч болмок. Бул клуб Бразилиянын чемпионатында 9-орунду ээлеген.

Бразилиялык команданын күйөрмандары аза күтүшүүдө. Сүрөт: Reuters

Азыр кыйроонун себеби катары эки жагдай — күйүүчү майдын жетпей калышы жана электрониканын иштебей калышы тууралуу кеп болууда, мындан тышкары аба ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуу жарыя да болгон.

Куткаруу операциясын жакынкы райондордогу 90дон ашуун адис жүргүздү. Кишилерди издөөгө аба ырайы жолтоо болду — кырсык болгон жерде жамгыр төгүп жаткан.

«Реал Мадрид» командасы курман болгон футболчуларды бир мүнөт унчукпай туруп эскерди. Бразилияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Сүрөт: Mirror