«Кыргызстан дизайнерлер партиясы». Жергиликтүү шайлоого сатира жана плагиатка каршы күрөш

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо кыргыз дизайнерлерин шайлоо алдындагы саясий плакаттарды мазактаган тамашалуу партия түзүүгө шыктандырды.

«Кыргызстан дизайнерлер партиясынын» (КДП) автору, бишкектик дизайнер Никита Тарасенко бул идея саясий партиялардын тажатма үгүт материалдарын көргөндөн кийин «бук чыгарыш үчүн» келип чыкканын айтат.

«Партиянын идеясы — башка партияларды такмазалоо. Алардын үрөй учурган тажатма дизайнын, артта калган ураандарын такмазалоо. Алардын жарнамасы канчалык күлкү келерлик жана сандырак экенин ар бирине жеткирүү. […] Биздин партиялар өз жарнамасын жеңил бергенге аракет да кылышпайт. Мен эми маскарапоз болушсун дебейм, бирок чыгармачыл мамиле кылса болот эле да», — деди ал.

КДПнын шайлоо алдындагы ролиги

КДПнын негизги урааны — Бишкектин жарнама жаатындагы плагиатка (чыгарма уурулукка) каршы күрөш.

«Плагиат менен күрөш эч качан токтогон эмес, анткен менен акыркы убакта плагиат азыраак болуп калды. Бул шайлоо алдындагы гана мазак. Мен такмазаламак болдум, башкалары өздөрү кошулуп кетишти. Кыргызстанда куудул дизайнерлер жашашат экен», — деди ал.

КДПнын мүчөлөрү. Автору: Азирет Асизов.

Тарасенкону биринчи колдоп, КДПны түзүүгө катышкан графикалык дизайнер Дмитрий Бондарев Kloop.kgге аны эчак эле Бишкектеги сырткы жарнама маселелери түйшөлтүп келгенин айтты.

Дизайнер Nurbek Nas ойлоп тапкан КДПнын гимни

Бондаревдин айтымында, шаардын баары «түрү суук билборддорго жык толгон», ал эми шайлоо алдындагы үгүт маалында «абал ого бетер оорлойт».

«Шаардын өзүнө «дизайн код» — ал өнүгө турган эреже керек. [Ошондуктан] абалга таасир тийгизип, шаарды жакшы жагына өзгөртө турган дизайнерлердин виртуалдуу партиясын түзүү идеясы келип чыкты. Биз шайлоого катыша албай турганыбыз го түшүнүктүү, бирок мындан ары шаардын турмушуна катыша алабыз. Өнөктүк өзү жалпыга жайылтууга негизделген. Бирок ар бир тамашада чындыктын үлүшү бар», — деди ал.

Дизайнер Азирет Асизов КДПнын баннери шаардын көчөлөрүндө кандай көрүнөөрүн элестетти.

Бондаревдин айтымында, КДП жана алардын жазгандарынан кийин дизайнерлер арасында башталган флешмоб «виртуалдуу жана көп жагынан капысынан» болуп жатат.

«Орой айтканда, биз эч качан шайлоого барбай турган бейтарап кишилерди чогултуп, башын бириктирдик. «Партияда» 10дой киши бар, түпкүлүгүндө бул — ачык бирикме, күлкүлүү жана актуалдуу жазуу жазып, биздин хэштегди #ПДК койсоңор — кабыл алындыңар. Бирок жакында жаңы роликтер чыгат. Эмитен эле арышыбыз классикалык партиялардан озуп баратат деп ойлойм», — деди ал.

Плагиат менен күрөш

Графикалык дизайнер Айбек Токтосунов КДПнын ролигинде жабыркаган адамдын ролун ойногон, ал бул идеяны жарнама жаатындагы плагиатты жактырбагандыктан колдоп чыкты.

«Бул идеяны жүзөгө ашыруу шайлоо алдындагы өнөктүккө туш келип калышы — дизайн жана материалдарды иштеп чыгуу жагынан шайлоо алдындагы үгүттүн сапаты өтө начар экендигин көрсөтүп турат. Бокко жарабаган дизайн сыяктуу иштерди түп-тамырынан бери жок кылсак, биз шаарыбызды оңдой алабыз», — деди ал.

КДПнын шайлоочулар менен жолугушуусу. Автору: Азирет Асизов.

Токтосунов КДП тууралуу тамашалуу өнөктүккө чейин эле дизайнерлер жарнама жаатындагы көкөйгө тийген плагиат жөнүндө маселе козгоп келатышканын айтты.

«[Тарасенко менен Бондарев] жакшы «из кубар дизайнерлер» — эгерде Никитанын баракчасын байкап турсаңыз, ал кезектеги плагиаттын бетин ачкан толтура материалдарды табасыңар. Башкалардын катасын табуу ага кесип болуп баратат. Менимче бул шаарыбыздагы жана жалпы эле өлкөдөгү начар дизайнды жок кылуунун эң таасирдүү ыкмасы», — деди Токтосунов.

«Кыргызстан» партиясынын дизайнеринин Никита Тарасенко байкаган начар кесипкөйлүгү.

Токтосуновдун айтымында, дизайнерлер тобунун плагиат менен күрөшү шакабалуу шайлоо алдындагы өнөктүк аяктагандан кийин да улантылат.

«Плагиаттын аныкталышы бизде автордук укук тууралуу мыйзамдар начар иштегенин көрсөтөт. Ошол эле логотиптерди жана аларды пайдалануунун эрежелерин алалы. Көптөгөн ири фирмалар брендбук деген эмне экенин эмгиче билишпейт. Дизайнд да коргоого алыш керек», — деди ал.

КДПнын флешмобуна Бишкектин башка чыгармачыл тургундары да кошулушту.

Дизайнер Алексей Лысогоровдун чынчыл убадалары.
Кыргызстан дизайнерлеринин консервативдүү партиясындагы (КДКП) Милана Мельникова сунуш кылган «Алтын» зергер дүкөнүнүн стилиндеги дизайн «классикасы».
Журналист Юрий Копытин сунуш кылган Кыргызстан вейперлер партиясы.
Сергей Баловневдин Вебдизайнерлер партиясы.
Борис Латыповдун КДКПсы.