Орусиялык депутаттар аудиовизуалдык кызматтардын ишмердүүлүгүн чектеген мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Эгерде мыйзам долбоорун Мамлекеттик Дума кабыл алса, Орусияда YouTube кызматына жана онлайн-кинотеатрларга тыюу салынышы мүмкүн.
Мамдуманын депутаттары Андрей Луговой жана Шамсаил Саралиев кесипкөй мазмунунун 20 пайыздан ашыгы чет өлкөлүктөргө таандык болгон аудиовизуалдык кызматтарга тыюу салууну сунуш кылышууда.
«Аудиовизуальных кызматтардын» сүрөттөмөсүнө бардык онлайн кинотеатрлар туура келет, ал эми «Коммерсант» басылмасынын пикиринде, ага YouTube видехостинги да кошулат. YouTubeда колдонуучулар «өздөрү өндүргөн мазмунду» — башкача айтканда өздөрү тарткан видеороликтерди жарыкка чыгарышат.
«Коммерсант» эгерде мыйзам долбоору Мамлекеттик Думадан колдоо тапса, анын таасирине YouTube да кабылышы мүмкүн деп эсептейт.
Басылма жазгандай, видеохостинг орусиялык колдонуучулардын жалпы трафигинин 30 пайызын ээлейт, ал эми анын жабылышы байланыштын кескин начарлашына жана байланыш операторлорунун кызматынын кымбатташына алып келиши мүмкүн.
ВВС үналгысы Байланыш жана жалпы коммуникация министрлигине таянуу менен YouTube видеокызматы блоктолбой тургандыгын, анткени видеохостинг «бул мыйзам долбооруна тиешеси жоктугун» жазды.
«Биз YouTube чектөөгө туш болот деген сөздөрдүн баары чындыкка эч кандай туура келбейт деп расмий түрдө айта алабыз», — деди байланыш министринин орун басары Алексей Волин.
YouTube америкалык видеохостинг болуп эсептелет, анда колдонуучулар колдонуучулук да, кесипкөй да мазмунду жайгаштырышат.
2016-жылдын башында Орусияда ЖМКда чет өлкөлүк тараптардын үлүшүн чектеген ушуга окшош мыйзам долбоору кабыл алынган. Ал мыйзам долбооруна ылайык, 20 пайыздан ашыгы чет өлкөлүктөргө таандык компанияларга аккредитация берүүгө тыюу салынат.
Кыргызстанда ЖМКдагы чет өлкөлүктөрдүн үлүшүн чектеген мыйзам долбоору азырынча кабыл алына элек, бирок парламенттеги биринчи окууда жактырылды. Бул мыйзам долбоору ЖМК өкүлдөрүнүн нааразылыгын пайда кылып, алар ал тургай Өкмөт Үйүнүн алдына митингге да чыгышкан.
Бул мыйзам долбоору укук коргоочу уюмдар менен юристтердин сын пикирин дп жаратты. Алардын пикиринде, бул сөз эркиндигин чектейт.