Өзгөндөгү мушташкан эки баланын аталары шарттуу мөөнөткө кесилди

Ош облусунун ИИБи мушташкан эки баланын аталары шарттуу жазага кесилгенин кабарлады. Сентябрдын аягында коомдук түйүндөрдө аталары өз балдарын мушташка шыкактап жаткан видео чыккан.

«Заноза» маалымат агенттиги Ош облусунун ИИбне таянуу менен 28-ноябрда Өзгөн райондук соту балдарын мушташтырып, видеого тарткан эки баланын аталарына өкүм чыгарганын жазып чыкты.

Эки эркек шарттуу түрдө эки жылдан түрмөгө кесилди.

Видео «Фейсбук» коомдук түйүнүнүн «Антикоррупция KG» кыргыз тобунда 30-сентябрда чыккан.

Тасмада эки кичинекей бала мушташып жатканы көрүнүп, ал эми чоңдор балдарды мушташты улантууга көкүтүп турганы угулуп турат. Мушташ убагында балдардын биринин мурдунан кан агып жатат, бирок чоңдор мушташты токтотпойт.

Видео жазуу түйүндү пайдалануучулардын ачуусун келтирип, коомдук резонанс жараткандан кийин жазууну прокуратура текшерген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Ош облусунун Өзгөн районунун Кош-Коргон айылынын эки тургуну балдарын мушташтырууга макулдашкан, алардын бири алты, экинчиси жети жашар.

Прокуратура балдардын ата-энелерине каршы «жашы жете элек баланы кылмышка тартуу» жана «жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдетти аткарбоо» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.