Ичкиликке жакындык тукум кууйт, ал үчүн генетикалык ыкташуу жооп берет

Окумуштуулардын тобу 105 миң кишини изилдеп көрүп, ичкиликке жакындык үчүн жооптуу генди жана ага байланышкан гормонду тапты. Бул ачылыш алкоголдук көз карандылыкка каршы дарыларды чыгарууга алып келиши мүмкүн.

Ким кимдин үстүнөн изилдөө жүргүздү? Кайра эле «британ окумуштууларыбы»?

 

Жок, бул 100 окумуштуудан турган эл аралык топ иштеген олуттуу илимий иш. Алар негизинен Европа насилиндеги 105 миң кишини генетикалык жактан изилдеп чыгышкан.

Катышуучулар ичкиликти «ченеп ичкендерге» жана «ченебей ичкендерге» бөлүнгөн. Бул бүгүнкү күнгө чейин ичкиликке тукум куучулук жакындыкты изилдеген иштердин эң көлөмдүүсү.

Окумуштуулар сиздин ичкилик ичкиңиздин келишине таасир тийгизген гормон менен генди табышты

 

АКШнын Улуттук илимдер академиясынын журналында жарыяланган илимий макалада адамдын ичкен алкоголунун көлөмүнө чогуу таасир эткен ген менен ага байланыштуу гормон табылганы кабарланат.

Адамдын боорунан бөлүнүп чыккан FGF21 гормону алкоголду жана шекерди керектөөгө реакция кылат. Бул гормон, мисалы, кыска убакыт ичинде көп ичкилик ичилгенде жанданат. Андан кийин эндокриндик система FGF21 гормонунун бөлүнүшүнө жооп катары баш мээнин айрым жерлериндеги нейрондорду басып, ал аркылуу адамдын «дагы бир бокал же шот» ичкисин келтирет.

FGF21 гормонун бөлүп чыгаруу бета-Клото генинен түздөн-түз көз каранды жана ошондуктан тукум куучулук мүнөз болуп эсептелет. Катышуучулардын ичкиликке байланышкан адаттарын жана гендерин изилдөөдөн тышкары, лабораториялык чычкандарга да эксперименттер жүргүзүлгөн. Сыноонун жыйынтыгы окумуштуулар бета-Клото генин дезактивациялаган чычкандар суунун ордуна алкоголь ичкиси келип калганын көрсөткөн.

Бул изилдөө ичкиликке жакындык тукум куушу мүмкүн деген мурдагы гипотезаларды күчтөндүрөт. Мисалы, бир жумурткадан чыккан эгиздерди талдоо бирдей социалдык шартта алар болжол менен бирдей өлчөмдө ичкилик ичишээрин көрсөткөн.

Демек мен ичкиликке жакындыгыма эч кандай арга таба албайт экенмин да?

 

Жок, албетте, сиз ичкиликке байланышкан адаттарыңызга таасир эте аласыз.

Биринчиден, ичкилик ичүүгө тукум куучулук гана эмес, социалдык жагдайлар да таасир этет — ал тургай алар көбүрөөк роль ойнойт. Кирешеңиздин деңгээли, үй-бүлөлүк абалыңыз жана жашаган өлкөңүз сиз жумасына канча сыра, шарап же арак ичээриңизге алда канча көбүрөөк таасир этет.

Экинчиден, бул изилдөө генетикалык ыкташуу маселесине чекит коюп салган жок. Балким, FGF21 гормонун иштеп чыгууга бир эмес, бир нече гендердин топтому жооп бериши мүмкүн. Алардын ортосундагы байланышты далилдеш үчүн мындан ары да илимий изилдөөлөр талап кылынат.

Анда жакында аракечтикке каршы таблеткалар пайда болобу?

 

Балким, бирок ал анчалык жакын арада болбойт. Бул изилдөөгө катышкан белдүү окумуштуулардын бири жана Лондондун Королдук колледжинин профессору Гюнтер Шуман белгилегенине караганда, алардын ачылышы алкоголду ашыкча ичкен адамдарга жардам бериши мүмкүн.

Гормондорго жана ал тургай гендерге да терапия же медициалык дары-дармектер менен таасир этсе болот.

Анын үстүнө, көз карандылык — ичкилик ичүүгө карата чече турган жалгыз маселе эмес. Бул изилдөөгө катышпаган профессор Кливер белгилегендей, ашкере ичкилик ичүүнүн айынан жыл сайын үч миллион киши көз жумат. Бирок бул көрсөткүч ичкиликке көз карандыларды гана эмес, ичкиликти көп ичсе да сөзсүз эле күн сайын иче бербегендерди да өзүнө камтыйт.

Башкы сүрөт катары «Симпсондордогу» кадр пайдаланылды