Кыргызстан 32 жыл ичинде кантип өзгөрдү?

Google 32 жыл ичинде кайсы жерде болбосун тартылган беш миллиондон ашуун жандоочтук сүрөттү көрүүгө жол бере турган Timelapse кызматын жаңылады. Биз Кыргызстан жалпысынан жана тактап көрүп чыгууну сунуш кылабыз. Кызматтын өзгөчөлүгүнөн улам материал чөнтөк телефондордо көрүнбөй калышы мүмкүн.

Timelapse кызматы планета акыркы 32 жылда кандай өзгөргөнүн көрсөтүп турат. Долбоордун шарапаты менен айрым мамлекеттердин аймагы кантип өзгөргөнүн көрсө болот.

Экологиянын өзгөргөнү көзгө урунат — суу ресурстары тайыздап, мөңгүлөр эрип, токойлор кыйылууда. Шаарлар өсүп, мүнөздүү географиялык объектилер пайда болгонун байкаса болот.

Сиздерге Кыргызстан жалпысынан кандай өзгөргөнүн жана анын шаарлары, ири көлдөрү жана мөңгүлөрү кандай өзгөргөнүн көрүүнү сунуш кылабыз.

Кыргызстан

Бишкек

Ош

Чолпон-Ата

Нарын

Талас

Жалал-Абад

Баткен

Мисалы, коңшулаш мамлекеттердин шаарлары ушундай өнүккөн.

Алматы

Астана

Ташкент

Душанбе

Дүйнөнүн ири шаарлары мындайча өзгөргөн.

Дубай

Москва

Нью-Йорк

Оттава

Timelapseте экологдорду кабатыр кылган аймактар өзүнчө бөлүнүп турат. Мисалы, Арал деңизи (Казакстан) — кызматтын жардамы менен ал кантип өзгөрүп, тайыздап баратканы көрүнөт.

Арал деңизи

Арал деңизине салыштырмалуу Кыргызстандын ири суу ресурстары дээрлик өзгөргөн эмес.

Ысык-Көл

Соң-Көл

Чатыр-Көл

Кыргызстандын аймагында токойлордун азайганы да анча даана байкалбайт, анын себеби жөнөкөй эле — биздин токойлор видеодон алардын кантип өзгөргөнүн байкагыдай чоң эмес. Анткен менен мөңгүлөрдүн эригени дароо көзгө урунат.

Эңилчек

Хан-Тенгри

Тескей Алатоо

Акшыйрак

Timelapse кызматы экологдорго, окумуштууларга, журналисттерге жана башка изилдөөчүлөргө планетадагы өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Тартылган сүрөттөрдүн көпчүлүгү Жерди 1970-жлдан бери байкап келаткан НАСАнын Landsat долбоорунан келет. Жалпысынан, кызмат беш башка жандоочтон келип түшкөн сүрөттөрдү чогултат.

Сүрөт: Timelapse