Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти болду

Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жеңишке жетишти. Ал үчун калктын 88,6 пайызы добуш берди. Мирзиёев бул кызматка негизги талапкер болуп эсептелген.

«Интерфакс» жазгандай, Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаломов брифинг учурунда Өзбекстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Шавкат Мирзиёев жеңгенин жарыялады. Абдусаломовдун айтымында, Мирзиёев үчүн калктын 88,6 пайызы добуш берди.

Абдусаломов 4-декабрда шайлоочулардын 87,83 пайызы келгенин айтты. Анын сөзү боюнча, шайлоо участокторуна 17,9 миллион киши келди.

Мирзиёев өзү Ташкендин 132- участогунда добуш берди. Ал шайлоого аялы, кыздары, күйөө балдары, уулу жана неберелери менен келди.

Шайлоонун жыйынтыгы жарыялангыча бир нече саат калганда Шавкат Мирзиёев өзүнүн твиттер-аккаунтунда торттун сүрөтүн чыгарып, анда «Мирзиёев — биздин президент» деп жазылып турган.

https://twitter.com/Sh_Mirziyoyev/status/805633630433329152

Шанхай Кызматташтык Уюмунун байкоочулар миссиясынын башчысы Рашид Алимов «шайлоо ачык, демократиялуу болуп, эл аралык нормаларга туура келгенин» билдирди.

«КирТАГ» маалымат агенттиги Өзбекстан шайлоо учурунда Кыргызстан менен чек арасын жаап койгонун кабарлады. Агенттиктин маалыматы боюнча, чек арадан өтүүгө үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына же шайлоого катышкысы келген Өзбекстандын өз жарандарына гана уруксат берилген.

Мөөнөтүнө чейинки шайлоо

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов 2016-жылдын 2-сентябрында дүйнөдөн кайтты. Анын өлүмүнөн кийин президенттин милдетин убактылуу аткаруучу кызматты премьер-министр Шавкат Мирзиёев ээледи.

Өзбекстандын Конституциясына ылайык Каримов өлгөндөн кийин президенттин милдетин убактылуу аткаруучу кызматты Олий Мажлис Сенатынын төрагасы Нигматилла Юлдашев ээлеши керек эле. Бирок Юлдашев бул кызматты Мирзиёевге өткөрүп берип, анын «көп жылдык тажрыйбасын жана калк арасындагы сый-урматынын деңгээлин» жүйө тутту.

Мирзиёев Өзбекстандын премьер-министринин кызматында 2003-жылдан бери тынымсыз иштеп, иш жүзүндө Ислам Каримовдон кийинки экинчи адам болгон. Президенттин өлүмүнөн кийин Мирзиёевди Каримовго мураскер болушун «эң чындыкка жакын» версия катары санап келишкен.

ЖМК Мирзиеевдин адамдарды кыйноого, коррупцияга, саясий атаандаштарын өлтүрүүгө тиешеси бар экенин далай жолу жазып келишкен. «Азаттык» үналгысынын өзбек бюросунун пикиринде, Мирзиёев эң таасирдүү өзбек кылмыштуу кландарынын бири болгон Самарканд кланына таандык.

Шавкат Мирзиёев президенттик кызматка эң көп болжолдонгон талапкер катары кеп болгонуна карабастан, көптөгөн ЖМКлар Мирзиеевдин бийликке келиши «өзбек режимин ого бетер кысымга жакын кылаарын» жазып жатышат.

Узак убакыттан бери Мирзиёев өлкөнүн эң жабык саясатчыларынын бири катары эсептелип келген — премьер-министр болуп иштеген 13 жыл ичинде ал бир да комментарий же интервью берген эмес.

Ошого карабастан, президенттин милдетин аткаруучу кызматка келгенден тартып ал «Фэйсбук» менен «Твиттерде» расмий аккаунттарды ачты.