«EurasiaNet»: Атамбаев президенттикти өз кишисине өткөрүп берүүгө даярданып жатабы?

Кийинки жылы Кыргызстанда жаңы президенттик шайлоо өтөт, ал Борбор Азияда көп жагынан өзгөчө болмокчу. Анткени башка коңшулаш мамлекеттерден айырмаланып, анын натыйжасы азырынча белгисиз.

Макаланын түп нускасы «EurasiaNet» сайтында жарыяланган.

Кетип бараткан президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн каршылаштарынин бири президент болуп калбашы үчүн колунан келгендин баарын кылаарын көрсөткөн жышаандар бар.

Атамбаев өзүнүн алгачкы жана бирден-бир президенттик мөөнөтүн өтөп бүткөн соң андан ары саясий кызматтарды аркалабай тургандыгын далай жолу айтса дагы, кетээринде ал туруктуулугу жок бул өлкөдө өзүнө тынчыраак жашоону камсыз кылып коюуга аракет кылаарынан күмөн санагандар аз эле.

Сынчылар Атамбаевдин администрациясы бул үчүн 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого мыйзамсыз таасир этүүгө далалат кылат деп чочулашууда.

Борбор Азияда бир эле президенттик мөөнөт менен чектелген жалгыз президент болуп эсептелген Атамбаев акыркы убакта көрүнгөндөн шек санап, Конституцияга киргизилиши жандуу талаш-тартыштарды пайда кылган, азыркы башкаруучулардын позициясын күчтөндүрө турган түзөтүүлөр боюнча референдумга даярдык көрүлүп жаткан шартта чеги менен сын айткандарга деле атырылып бир тийип жатат.

«Ал [биринчи президент Аскар] Акаев менен [экинчи президент Курманбек] Бакиев бийликтен кулатылаарда колдонгон көшөгө артындагы оюндарга барат деп коомчулук кооптонуп жатат», — деди Акаевдин тушунда мамлекеттик катчы кызматын аркалаган Осмонакун Ибраимов.

«Президенттик мөөнөтү бүтүп жатканда Атамбаев өзүнүн жакын адамдарына — жан сакчыларына, айдоочуларына жана башкаларга гана ишенет, — деди Ибраимов EurasiaNet.org сайтына. — Менимче ал аны кимдир-бирөө, кайсы бир ойдон чыгарылган генерал сатып кетет деп коркуп жатат окшойт».

Атамбаевди ачык эле коркунуч ээлеп алганы ал ички иштер министри кылып өз жансакчысы Улан Исраиловду дайындаганынан эле көрүнүп турат. Анын дагы бир жансакчысы эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысынын орун басары болуп иштейт, ал эми Атамбаевдин мурдагы айдоочусу имиштер боюнча парламентте таасири күч.

Бул жек-жааттыктын белгилери бийликти өткөрүп берүү жараяны жөнөкөй болбойт деген кооптонууга жем таштап жатат.

Айрым серепчилердин пикиринде, Атамбаевдин айланасындагы таасирдүү кеңешчилер жана башка кишилер өздөрүнүн бөтөнчө укуктары менен артыкчылыктарын сактап калууга аракет кылып, бул болсо администрация 2017-жылдагы шайлоодо өзүнүн ишеничтүү кишилеринин бирине жардам бергенге аракет кылат деген кептерди пайда кылууда.

Атап айтканда, ЖМК президенттикке болжолдуу талапкер катары премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атын атоодо. Жээнбековдун иниси жана өлкө парламентинин мурдагы спикери Асылбек да президенттик кызматка талапкер катары басма сөздө кеп болуп жүрөт. Экөө тең Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясына (КСДП) кирет.

Ушул жагдайда көп сөз болуп жүргөн КР Президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун да аты атала калып жүрөт, жакында ЖМКда ал премьер-министрдин орун басары болот деген божомолдор чыккан.

«Бул тизмени андан ары уланта берсе болот, — деди азыр ЖМК маселелери боюнча кеңешчи болуп иштеп жүргөн мурдагы журналист Азамат Тынаев. — Бирок азыркы системадан чыккан кайсы талапкер болбосун жалпы элдик шайлоодо каршылыкка учурайт, анткени алардын баары Атамбаевдин көлөкөсүндө иштешкен. Эл аларды же аткаминер катары гана билет же такыр эле тааныбайт».

Мындай талапкерге «административдик ресурс» — анын ичинде мамлекеттик ЖМКда жерге-сууга тийгизбей мактоо, оппозициялык талапкерлерге кысым көрсөтүү жана мамлекеттик кызматкерлерди белгилүү бир тартип менен добуш берүүгө көндүрүү — жардам бериши мүмкүн экенин моюнга алса да, Тынаев өлкөнүн түндүгүндөгү олигархтардын арасынан чыккан эки премьер-министрдин жеңишке жетишүүгө мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деп эсептейт.

«[Өмүрбек] Бабанов жана [Темир] Сариев көзгө көрүнүп, чын эле премьер-министр экенин көрсөтүшкөн. Атап айтканда, Сариевдин барбаган жери калбагандай сезилчү», — деди Тынаев EurasiaNet.org сайтына. Сариев, балким, Москва башкарган Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстандын киришинде көрүнүктүү роль ойноп, Орусиянын колдоосуна да татыган болушу ыктымал.

Келе жаткан референдум 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоо алдында саясий абал канчалык туруктуу болоорун көрсөтүшү мүмкүн.

Референдумду өткөрүүгө жол бере турган мыйзам долбооруна парламенттин 15 депутаты гана каршы добуш берген. Алардын бешөөнө каршы бийлик коррупция боюнча иш козгоду.

Эгерде шайлоочулар референдумда «жок» деп жооп беришсе, бул Атамбаев жаатынын амалынын кеткени болот, бирок азыр көбүрөөк күтүлүп жаткандай шайлоочулар «ооба» деп жооп беришсе, Атамбаевдин парламентте 38 орун ээлеген КСДПсы өкмөттүн ишине вето коюуга дээрлик талашсыз укук алат, анткени өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартыш үчүн депутаттардын жөн эле көпчүлүгүн эмес, басымдуу көпчүлүгүн чогултуш керек болгон түзөтүү ошого жол берип калат.

Бул түзөтүү ошол эле учурда азыркы өкмөттүн бийлигин күчөтүп, КСДП Атамбаев бийликтен кеткенден кийин да биримдигин сактап калышына себеп болот, ал үчүн болсо бул коопсуздукту камсыз кылган жагдай болуп калат деп эсептелет.

Бирок кыргыз саясатында баары эле ушундай жөнөкөй нерсе эмес.

Бөлүнүп кеткен депутаттын — Атамбаев өзүнө басма сөз катчысы кылып тандап алган, кийин депутаттык креслого отурган мурдагы журналисттин — жакындагы аракеттеринин мисалы олуттуу кооптонууга себеп болушу мүмкүн.

Жаш, коомдук түйүндөрдү жигердүү колдонгон шаардыктардын колдоосуна ээ болгон Жанар Акаев парламенттин ноябрдагы отурумдарынын биринде Атамбаевге сын пикир айтып чыккан. Андан соң ал коррупция боюнча айып коюлуп, тергөөсү жүрүп жаткан депутаттарды колдоп кирген.

Атамбаев 4-ноябрда жооп катары сын пикир айтып, Акаевге анын парламентке шайланаардагы өнөктүгүн КСДП каржылап бергенин эске салганда, Акаев анын сөзүнө жооп кылып «Facebookтагы» баракчасына «Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт, [...] Жолду көргөн падышалар өлүшпөйт» деп жооп берген. Депутаттын бул жазуусун миңден ашуун киши жактырган.

Сүрөт: President.kg. Сүрөттө президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.