Бишкек эмне менен дем алып атат? Эмне үчүн Кыргызстандын борборунда аба мынчалык начар?

Бишкектен анча алыс эмес жердеги тоо этегине чыкканда жылдын кайсы мезгилинде болбосун шаардын үстүндө күңүрт булут турганын көрсө болот. ЛИВЕНЬ. Living Asia Бишкекте аба канчалык булганыч экенин жана шаар эмне себептен улам дээрлик шамалдабай турганын айтып берет.

Материалдын түп нускасы ЛИВЕНЬ. Living Asia сайтында жарык көргөн. Автору: Kloop.kgнин мурдагы редактору Дмитрий Мотинов.

Кыргызгидромет атмосферадагы кооптуу кошундулардын өлчөмүн ченеп, ай сайын бул тууралуу отчет берет. Ноябрда Бишкектин абасындагы азот диоксидинин концентрациясы нормадан 50 пайызга, шаардын ортосунда — эки эсе ашты. Бул кошунду абдан уулуу, ал адамдын дем алуу жолдоруна жана өпкөсүнө таасир этип, кандагы гемоглобиндин өлчөмүн азайтат.

Бирок жол берилген нормалардын баарынан формальдегид ашып жатат, ал канцероген болуп эсептелет жана жаман шишиктерди пайда кылышы ыктымал.

Ноябрда Кыргызгидрометтин маалыматы обюнча бул заттын абадагы өлчөмү жол берилген концентрациядан беш эседен көбүрөөк ашты. Октябрда көрсөткүчтөр мындан да жаман болчу: санитардык нормаларда жол берилгенден алты эсе көп эле.

Кыргызгидрометтин өзгөрүүлөрү Бишкектеги абанын абалы боюнча көрүнүштү толук чагылдырбайт — мисалы, агенттик атмосферадагы бензапирендин өлчөмүн ченебейт. Мамлекетте андай изилдөөлөрдү өткөрүш үчүн зарыл алеттерди (приборлорду) жана чыгаша материалдарды сатып алганга акча жок. Бирок 2000-жылы өткөрүлгөн өлчөө атмосферадагы бензапирендин өлчөмү анда жол берилген нормалардан 25-30 эсе, ал эми жылуулук берүү маалында 48 эсе көп экенин көрсөткөн.

Бензапирен – бул уулу химиялык кошунду, ал адамдарда жана жаныбарларда жаман шишиктерди пайда кылышы мүмкүн.

Шаардын терезесин жаап салышты

Эколог Эмил Шүкүров Бишкектеги абанын абалын «жийиркеничтүү» деп баалайт. Ал муну эбегейсиз көп автоунаалардан чыккан газдан жана атмосферага ис жана зыяндуу газ кошкон жылытуу маалынан көрөт.

«Газ менен булгануу респиратордук ооруларды пайда кылат, биздин шаар республикада ал жагынан алдыда. Бишкек өсмө оорулары жагынан да алдыда турат. Бул өтө олуттуу кырдаал», — дейт Шүкүров.

Шүкүров кыргыз борборундагы абанын начар сапатын анын начар желдетилгени менен байланыштырат. Биринчиден, Бишкектеги абанын температурасы тегеректеги аймактардыкынан орто эсеп менен беш градуска жогору болгондуктан шаардын үстүн «тебетей» жапкансып турат — бул таза абанын шаарга киришине жол бербейт. Экинчиден, архитектуралык пландоо жагынан да маселе бар.

Бишкек турган аймак начар жана туруксуз желдетилет. XIX кылымда шаар жаңыдан салына баштаганда архитекторлор ушул жагдайды эске алып, Байыркы Римде негизделген шаар салуу принциптерин пайдаланууну сунуш кылышкан — анда шаардын көчөлөрү негизинен шамал сого турган багыттарга тушташ салынган. Бул тоодон жел согуп турушун жакшы камсыз кылган.

«Шаардын көчөлөрү — анын терезелери, алар ачык болушу керек. Совет мезгилинде, айрыкча өткөн кылымдын экинчи жарымында, бул система таптакыр бузулган. […] Бул кылмыш дагы, келесоолук дагы», — деди ал.

СССР убагында шаарларды пландоо принциптери Москвада, Архитектура менен шаар куруунун бүткүл союздук илим-изилдөө институтунда калыптанган. Ал жерде долбоорлордун баары негизинен шаарларды салыш үчүн шамалдан коргоо зарыл болгон Орусиянын ортоңку тилкесине эсептелген.

Ошонун натыйжасында Бишкектин түштүгүндө салынган типтүү кичирайондордун баары тоонун желине каршы калкан сыяктуу курулуп калган — эми алар шаарга жел киргизбей турушат.

«Тоонун жели өтө алсыз, ага эч кандай бөгөт болбошу керек. Эгерде мурда тоонун жели шаарга көчөлөр аркылуу түшсө, азыр Бишкекте бир да өтмө тик көчө калган жок», — дейт ал.

Чыгындылардын эки эсе көбөйүшү

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2010-жылдан 2014-жылга чейин абага чыгарылган зыяндуу заттардын өлчөмү Кыргызстанда эки эсе көбөйдү — эгерде 2010-жылы ал 30 миң тоннадан бир аз ашса, 2014-жыл 60 миңден ашты. 2015-жылы бул көрсөткүч арбый элек болчу. Бул чыгындылардын жарымына жакыны Бишкектики.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, абанын булганыш даражасы өнөкөт жана оор респиратордук оорулардын, ошондой эле дем алуу органдарынын онкологиялык ооруларынын санына түздөн-түз таасир этет.

Биз Бишкектеги абанын булганыш даражасы боюнча маалыматтарды респиратордук жана онкологиялык оорулардын саны боюнча маалыматтарга салыштырып көрдүк. Албетте, бул салыштыруу абага кошулган зыяндуу чыгындылар ден соолукка кандай таасир тийгизээрине далил эмес, бирок ал абадагы зыяндуу чыгындылар көбөйгөн жылы оорулар да күчөгөнүн даана көрсөтүп турат.

2010-2014 жылдардагы маалыматка ылайык, респиратордук оорулар менен жабыркагандар 8,5 пайызга, дем алуу органдарынын терс багыттагы өсүндүлөрү катталган кишилер 20 пайыздан ашык көбөйгөн.