Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөр: Бийликтин мыйзамсыз аракетиби же элдин тандоосубу?

Kloop.kgнин студиясында активисттер Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөрдү талкуулашты. Түзөтүүлөрдү колдогондорго активист Алмаз Кененбаев, каршы чыккандарга укук коргоочу Бурул Макенбаева өкүл болду. Алардын ар бири өз жүйөлөрүн келтирип, Кыргызстан үчүн Конституциянын өзгөрүшүнүн мааниси эмнеде экенин түшүндүрүштү.

МАКУЛ: Бишкек шаардык кеңешине КСДП партиясынан талапкер болгон Алмаз Кененбаев өлкө алдыга жылышы үчүн Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизиш керек деп эсептейт.

КАРШЫ: Укук коргоочу Бурул Макенбаева Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөрткөнгө болбойт, анткени ал мыйзамсыз болот деген пикирде.

Ток-шоунун эң маанилүү жерлери:

  • Түзөтүүлөрдү киргизүүнүн жол-жобосу

Айрым депутаттар жана жарандык активисттер Конституцияга түзөтүүлөр мыйзам бузуу менен киргизилип жатканын белгилешкен. Демилгечилер Конституция 2020-жылга чейин өзгөрбөшү керек деген ченемди сакташкан жок, ошондой эле парламентте мыйзам кабыл алынып жатканда жол-жобо жана регламент бузулган.

МАКУЛ: Кененбаев Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизиш үчүн юридикалык жактан эч кандай бөгөт жок деп эсептейт.

«Бүгүнкү күндө бизге референдум керек. Аны жалпы эл референдум аркылуу чечип жаткандыктан, бөгөт жок деп эсептейм», — деди Кененбаев.

КАРШЫ: Макенбаева президент жана анын администрациясы референдумду өткөрүү жөнүндө мыйзамды кабыл албашы керек болчу деген пикирде.

«Башынан баштап эле баары мыйзам бузуу менен келатат. Ошондуктан бул саясий кризиске алып келет», — деди ал.

  • Президенттин ыйгарым укуктары

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн эсебинен президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлөбү же кыскарабы?

МАКУЛ: Кененбаев президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлбөйт, анткени ал экинчи мөөнөткө талапкерлигин кое албайт деп эсептейт.

«Түзөтүүлөрдүн арасында президент экинчи мөөнөткө талапкерлигин кое албай тургандыгы тууралуу пункт бар, аны алып салышкан жок. Ал эми буга чейин биздин президенттер Конституцияга түзөтүү киргизүү аркылуу өз ыйгарым укуктарын күчөтүп келишкен. Азыр андай болбойт. […] Президент өзү да жердин баарында эле кийинки мөөнөткө барбай тургандыгын айтып жүрөт», — деди Кененбаев.

КАРШЫ: Макенбаева, тескерисинче, президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлүп, парламенттики кыскарат деп эсептейт.

«Президент экинчи мөөнөткө барбайт дегени — ошентип жашырышканы. Болбосо президентте жана премьер-министрде соттор менен парламенттин үстүнөн көзөмөл болот», — деди ал.

  • Сот реформасы

Айрым түзөтүүлөр президент менен парламенттин судьяларга болгон көзөмөлүн күчөтөт.

МАКУЛ: Кененбаев түзөтүүүлөр кабыл алынгандан кийин сот реформасын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот деп эсептейт.

«Сот реформасы жүзөгө ашпай калды. Сот реформасын тартип комиссиясы аркылуу жүзөгө ашыргыбыз келет», — деди ал.

КАРШЫ: Макенбаева бийлик ушунча убакытта реформа жүргүзбөгөн соң дегеле эч качан жүргүзбөйт деп эсептейт.

«Анткени реформа 100 күн, 6 ай ичинде жүргүзүлөт. Эгерде реформа 9 ай ичинде жүрбөсө, аны дегеле эч качан жүргүзүшпөйт», — деди ал.

  • Өкмөт жөнүндө

Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөр премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтөт, анткени анын депутаттык мандаты кала берет жана ал министрлерди кызматтан кетире алат.

МАКУЛ: Кененбаев Конституцияга түзөтүүлөр киргизилгенден кийин өкмөт туруктуу болоорун айтты.

«2010-жылдан 2016-жылга чейин менимче өкмөт жети жолу өзгөрдү. […] Бизге туруктуулук керек, өкмөт эң аз дегенде төрт жыл иштеши зарыл», — деди ал.

КАРШЫ: Макенбаева бул бийликте ошол эле адамдар кала беришине алып келет деп эсептейт.

«Туруктуулук дегени — алар бийликте түбөлүк, азыркыдай эле калгысы келгени», — деди ал.

Ток-шоу толугу менен:

Конституциялык реформа

Конституцияга түзөтүү киргизүү боюнча парламент депутаттары демилге көтөрүп, аны өлкө президенти Алмазбек Атамбаев колдоп чыккан.

Түзөтүүлөр парламентте да, коомчулукта да курч талаш-тартыштарды пайда кылды.

Түзөтүүлөргө мурдагы президент Роза Отунбаева, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү, парламенттеги «Ата Мекен» толук курамы менен, айрым парламент депутаттары жана жарандык активисттер каршы чыгышты.

Тузөтүүлөр боюнча эми Кыргызстан адам укуктары жаатында эл аралык келишимдерди эмес, улуттук мыйзамдарды жетекчиликке алат. Ошондой эле алар премьер-министрдин ыйгарым укуктарын жана судьялардын үстүнөн болгон көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.

Түзөтүүлөрдү колдогондор эл аралык келишимдердин артыкчылыгынан баш тартуу өлкөнү көз карандылыктан куткарат деп эсептешет. Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүү, түзөтүүлөрдү колдогондордун пикиринде, өкмөттү туруктуу кылат. Алар судьялардын үстүнөн болгон көзөмөл сот реформасын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет деп белгилешет.

Түзөтүүлөргө каршы чыккандар эл аралык келишимдердин артыкчылыгынан баш тартуу демократияны жоготот деп эсептешет. Алардын пикиринде, премьер-министрдин күч алышы тең салмактын бузулушуна алып келет.

Түзөтүүлөргө каршы чыккандар судьялардын үстүнөн көзөмөл жүргүзүү сот бийлигинин көз каранды эместигин жок кылаарын белгилеп жатышат.

Видео: Азат Рузиев