Шайлоо маалында добуш сатууга бөгөт койгон мыйзам парламенттин колдоосун таппай калган.
Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.
Шайлоочулар менен партиялар ортосунда акчалай болбосо да кандайдыр бир маселенин чечилишине добуштарын айырбаштоо кадимки көрүнүш болуп калгандай. Учурда жарандык активисттер менен кошо диний ишмерлер да шайлоочуларды добушун сатпоого үндөшүүдө. Шайлоочулар болсо бул жолку шайлоодо үгүт иштери башкача ыкма менен жүрүп жатканын айтышат.
"Дароо эле паспорт маалыматтарын сурашат"
Жергиликтүү кеңештерге үгүт иштерин жүргүзүү аяктарына саналуу гана күн калды. Кичинекей кызына карап үйдө отурган Жылдыз быйылкы шайлоодогу үгүт мурдагылардан башкача жүрүп жатканын айтууда. Анын байкашынча, ар кайсы партияга добуш берүүгө чакырып келген үгүтчүлөр өздөрүнүн чыныгы озуйпасын аткарбай эле, добуш берүүчүлөрдүн жеке маалыматтарын чогултуу аракетин көрүп жүрүшкөнсүйт:
- Шайлоо жакындагандан бери күнүгө эле эшикти тыкылдатып, үгүтчүлөр келет. Бирок мурунку убактагыдай эмне деген партия, аны шайласак, шаар үчүн, шаардыктар үчүн кандай өзгөрүүлөрдү, жаңыланууларды алып келерин айтпай, шыр эле үйдө канча киши катталганын, алардын паспорт маалыматтарын берүүмдү сурап киришет. Баарына эле “маалыматтарды бере албайбыз, шайлоого барып, добушубузду беребиз” деп узатып атам.
Маектешибиз Жылдыз учурда шайлоодогу үгүт иштерине бала бакча тарбиячылары мектеп мугалимдеринен бери тартылып жатканын, ал эми айыл башчыларынын бийликтеги партияларга иштеп келгени көнүмүш болуп калганын да белгилеп кетти.
Мындай маалыматты шайлоо алдындагы үгүт иштерине байкоо салып жаткан “Таза шайлоо” ассоциациясынын аткаруучу жетекчиси Тагир Мамбеталиев ырастады. Анын айтуусунда, айрым учурларда үгүтчүлөр шайлоочулардын добушу үчүн акча сунуштап жаткан учурлар катталган:
- Жер-жерлерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кварталдык, үй комитеттеринин башчылары үймө-үй кыдырып, шайлоочулардын паспорттук маалыматтарын алып жүрүшкөнү тууралуу фактылар бар. Алар паспортунун көчүрмөсүнө белгилүү бир суммадагы акча сунуштап, бирок ал акча үчүн сөзсүз түрдө шайлоо күнү ошол партияга гана добуш берүүсүн талап кылышкан. Алар ошондой эле эгер жаран акчаны алып, паспортунун көчүрмөсүн берип, бирок башка партияга добуш берип койсо, ал оңой эле аныкталат деген коркутуулар болуп жатканын да айтышууда.
“Таза шайлоо” ассоциациясынын маалыматы боюнча үгүт иштерин жүргүзүү учурунда добуш сатып алуу аракети Ош жана Токмок шаарларында көп байкалган. Мындай көрүнүшкө аталган ассоциациянын мүчөлөрү күбө болуп, талапкерлерге, саясий партияларга эскертүү беришкен жана аймактык шайлоо комиссияларына жазуу түрүндө маалымдап, чара көрүүсүн суранышкан.
Мыйзамсыз жүргүзүлгөн үгүттөр
Жергиликтүү кеңештерге шайлоого аз калганда парламентте добуш сатууга бөгөт койгон мыйзам долбоору сунушталган. Ага ылайык, шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет кылгандар 300 миң сомдук айыппул төлөөдөн тартып, беш жылга чейин эркинен ажыратылмак. Ошондой эле добушун саткан шайлоочуларга да жаза күчөтүлмөк. Бирок аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш депутаттарынын колдоосун таба албады.
Учурда жарандык активисттер менен кошо эле диний ишмерлер да шайлоочуларды добушун сатпоого үндөп жатышат. Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов “Багыт” гезитине “добушун сатуу да, бирөөнүн добушун сатып алуу да арамдыкка жатарын, бул адамзатына кыянатчылык кылуу болорун” айтып чыкты.
Кодекс боюнча шайлоого катышып жаткан талапкерлер үгүт иштерин жүргүзүү үчүн атайын шайлоо фондун ачууга тийиш. Бирок айрым талапкерлер мындай фонд түзбөй туруп эле, үгүт иштерин жүргүзүү үчүн адамдарды жалдап, иштетип жатышат. Мындай маалыматты “Таза шайлоо” ассоциациясынын аткаруучу директору Тагир Мамбеталиев журналисттерге билдирди:
- Бизде фактылар бар. Жер-жерлерде айрым талапкерлер шайлоо фонду жок эле үгүтчүлөрдү иштетип, үгүт материалдарын жарыялап жатышат. Эгер алардын акчасы жок болсо, анда бул үчүн акчаны кайдан алып жатышат? Мыйзам боюнча, мындай талапкерлер, саясий партиялар жарыштан четтетилүүгө тийиш. Бул маселелерге аймактык шайлоо комиссиялары көңүл буруп, талапкерлерге шайлоо алдында кандай иш алып барууну түшүндүрүп берүүсү керек.
БШКга кайрылуу түшкөн жок
Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдөгү мыйзам бузууларды аныктоо үчүн БШКда атайын жумушчу топ түзүлгөн. Анын башчысы Назарали Арипов мындай маалыматтар сөз жүзүндө айтылганы менен, БШКга кайрылуулар болбогонун “Азаттыкка” маалымдады:
- Мындай маалыматтар азырынча “имиш-имиш” түрүндө эле айтылып жатат. Эгерде конкреттүү бир мисалдар менен, ошондой добуш сатып алууга аракеттенген партияларды же талапкерлерди көрсөтүп, бизге билдиришсе, шайлоо мыйзамдарына ылайык, жоопкерчиликке тартабыз. Антип добуш сатып алууга аракет кылган талапкерлер менен партиялар жарыштан четтетилет. Бирок азырынча биздин жумушчу топко андай фактылар менен эч кандай кайрылуулар келип түшө элек.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда 22 шаарда болот. Ага жалпысынан өлкө боюнча 35 саясий партия катышууда. Ал эми 389 айылдык кеңешке 18 миңден ашуун талапкер катталган. 3938 талапкер саясий партиялардан, калганы өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер.