«Плакаттан угулган добуш». Кыргызстандын дизайнерлери кыйноого каршы чыгышты

Борбор Азиядагы Америка университетинде Кыргызстандагы кыйноо жөнүндө плакаттардын көргөзмөсү болду. Сүрөтчүлөр менен дизайнерлер өз иштерин элге көрсөтүшүп, ал аркылуу бул мүшкүлгө карата көз карашын билдиришти.

img_8506

Көргөзмөдө беш кыргыз сүрөтчүсү менен дизайнери өз иштерин алып чыгышты. Көргөзмөнүн негизги максаты — кыйноого жана ырайымсыз мамилеге туш болуп жаткан адамдардын укуктарынын бузулушуна көңүл буруу.

Сүрөттө: Марсель Шейшенов, Елена Баялинова, Алексей Лысогоров жана Нурбек Насыранбеков.
Сүрөттө: Марсель Шейшенов, Елена Баялинова, Алексей Лысогоров жана Нурбек Насыранбеков.

Көргөзмө өткөрүүнүн идеясын журналист жана ден соолук боюнча кеңешчи Елена Баялинова сунуш кылды.

Уюштуруучулар көргөзмөнү ошонун сунушу менен өткөрмөк болушту. Баялинованын айтымында, көргөзмө мамлекеттик резиденцияда өтүшү керек болчу, плакаттарды 26 мамлекеттин өкүлдөрү көрмөк.

«Бирок өкмөт бул көргөзмөнү мамлекеттик резиденцияда өткөрүүдөн чочулап туруп алды», — дейт ал.

«Бир чети бул менин идеям — плакаттар жөнүндө. Бул искусствонун ушундай түрү — ал катуу тийет, анда ар кандай жанрларды колдонсо болот, плакаттын тили жеңил кабыл алынат», — дейт Баялинова. Плакаттын автору: Марсель Шейшенов.
«Бир чети бул менин идеям — плакаттар жөнүндө. Бул искусствонун ушундай түрү — ал катуу тиет, анда ар кандай жанрларды колдонсо болот, плакаттын тили жеңил кабыл алынат», — дейт Баялинова. Плакаттын автору: Марсель Шейшенов.
Дизайнер Марсель Шейшенов өз плакаты менен.
Дизайнер Марсель Шейшенов өз плакаты менен.

Көргөзмөдө дизайнерлер Алексей Лысогоров, Наталья Андрианова, Антон Казаковцев, Марсель Шейшенов жана Нурбек Насыранбеков өз иштерин алып чыгышты.

Дизайнер Нурбек Насыранбеков өз плакаты менен.
Дизайнер Нурбек Насыранбеков өз плакаты менен.

Алардын ар бири өз жанрында иштешкен.

Сүрөттөгү плакаттар: Наталья Андрианова, Нурбек Насыранбеков, Марсель Шешенов.
Сүрөттөгү плакаттар: Наталья Андрианова, Нурбек Насыранбеков, Марсель Шешенов.

Плакаттардын авторлору көргөзмөнүн алдында киришүү семинарлары өткөрүлгөнүн, аларга документалдуу фильмдер, документтер көрсөтүлгөнүн айтышты.

Кыйноого каршы коалициянын статистикасы.
Кыйноого каршы коалициянын статистикасы.

«Бул абдан маалыматтуу жана коркунучтуу нерсе болду. Ал жакта үрөй учурган статистика бар эле. Аны көрүп чыккандан кийин ар биринин өз көз карашы пайда болду», — деди Лысогоров.

«Мага өз жанрымда иштегенге кеңеш беришти. Мен баарынан жакшы жасай алган нерсемди жасадым», — дейт Казаковцев.
«Мага өз жанрымда иштегенге кеңеш беришти. Мен баарынан жакшы жасай алган нерсемди жасадым», — дейт Казаковцев.

Калыстар баш байгени карикатура жана шарж жанрында сүрөт тарткан Антон Казаковцевдин ишине ыйгарышты. Сүрөтчү өз жеңишине өзү таң калды.

«Мага бул сынакка катышууга менин университеттеги окутуучум, ошол эле учурда кураторум жана долбоордун катышуучуларынын бири кеңеш берди. Менден тышкары дагы төрт таанымал дизайнер бар эле, мен үчүн алар менен чыккан сыймык болчу. Тема абдан татаал жана көркөм ыкмалар аркылуу ой айтууну абдан кааладым», — деди Казаковцев.

Уюштуруучулар көрсөткөн статистикадан сүрөтчүлөрдүн төбө чачы тик турду. «Чочуткан түрткү, толкундануу чыгармачылыкка түрткү болду», — дейт Казаковцев.
Уюштуруучулар көрсөткөн статистикадан сүрөтчүлөрдүн төбө чачы тик турду. «Чочуткан түрткү, толкундануу чыгармачылыкка түрткү болду», — дейт Казаковцев.

Лысогоров плакат тартыш үчүн кошумча метафораларды жана образдарды издеш керек болгонун айтты.

«Отургучтарды картондон кесип чыктым. Мааниси - биз баарыбыз жанаша отурганыбызда. Жаныбызда ушундай иштер болуп жатканында. Ак түс тазалыкты, кызылы кыйноонун курмандыгын билдирет, ал биздин эле кошунабыз болуп чыгышы мүмкүн. Мындай нерсенин жанында отуруп четте калууга болбойт жана четте калгың да келбейт», — дейт Лысогоров.
«Отургучтарды картондон кесип чыктым. Мааниси — биз баарыбыз жанаша отурганыбызда. Жаныбызда ушундай иштер болуп жатканында. Ак түс тазалыкты, кызылы кыйноонун курмандыгын билдирет, ал биздин эле кошунабыз болуп чыгышы мүмкүн. Мындай нерсенин жанында отуруп четте калууга болбойт жана четте калгың да келбейт», — дейт Лысогоров.

«Кыйноону түздөн-түз көрсөтүү — өтө эле артта калгандык жана чындыктан алыс болмок. Кимдир-бирөө муну карикатура, иллюстрация, копирайтинг, фотомонтаж, слоган аркылуу көрсөттү. Мен дизайнердик стилдеги фотосүрөт аркылуу көрсөттүм», — деди Лысогоров.

«"Кыргызстандык" деген иш пластилинден жасалган: кырдаалды түшүнүш үчүн мен тамганы ар кандай кыйноого салдым — шише менен бастырып, шиш менен сайып, акырында аркан менен байлап көрдүм… Бул ушундай процесс, мен андан өтүшүм керек болчу», — деди Лысогоров.

«Акциянын максаты — адамдарды агартуу. Балким адамдар ушундай учурга туш болуп калышы мүмкүн. Өзүн кантип коргош керек? Эмне кылыш керек? Аны билүү зарыл. Адамдардын маалымдуулугуна кичине болсо да таасири тийсин. Эки кишиге жардамы тийсе деле жакшы», — деди Лысогоров.

«Мен бул кимдир-бирөөгө жардамы тийип калат деп абдан үмүт кылам. Балким бул баелук болсо керек, бирок биздин иштерибиз адамдарды ойлоно түшкүдөй кылса сонун болот эле», — деди Казаковцев.
«Мен бул кимдир-бирөөгө жардамы тийип калат деп абдан үмүт кылам. Балким бул баелук болсо керек, бирок биздин иштерибиз адамдарды ойлоно түшкүдөй кылса сонун болот эле», — деди Казаковцев.

Елена Баялинова көргөзмө өткөрүү идеясы колу булганган система тууралуу көндүм көз караштарды жок кылууну каалагандыктан келип чыкканын айтты.

«Мен саламаттык сактоо системасында дээрлик 20 жылдан бери иштейм. Сот медицина эксперттеринин ишине, кыйноо фактыларын документациялоого, органдардын саткындыгына байланыштуу канча киши арызданып жүргөнүн жакшы билем. Мага ал жакпайт жана мен ал мифтерди көргөзмө аркылуу талкалагым келген. Бирок бул багытта өсүш бар. Өкмөт конференцияны ушул жерде өткөрмөк болгону жакшы. Бул биздин жолубуздагы биринчи кадам», — деди ал.

«Өлкөбүздө кайраттуу сүрөтчүлөр бар, бирок кайраттуу аткаминерлер жок», — деди Баялинова.
«Өлкөбүздө кайраттуу сүрөтчүлөр бар, бирок кайраттуу аткаминерлер жок», — деди Баялинова.

Көргөзмөнү Кыргызстандагы кыйноого каршы коалиция, Тянь-Шань талдоо борбору, «Сорос — Кыргызстан» фонду жана Борбор Азиядагы Америка университети уюштурушту.