«Акчабар»: Шайлоо участкаларында иштегендерге алты миң сомдон ашык төлөнөт

Кыргызстанда жана чет мамлекеттеги шайлоо участкаларында 11-декабрь күнү иштей турган жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кызматкерлерине, кыргыз ТИМинин кызматкерлери менен чиновниктерине 6200 сомдон төлөнүп берилет.

Материалдын түп нускасы «Акчабардын» сайтына чыккан.

Шайлоо участкаларында жарандардын өздүгүн тастыктоо жана техникалык кызмат көрсөтүү боюнча мындай кызмат акы төлөө өлчөмүн өкмөт аныктаган. Министрлер кабинетинин мындай токтомуна премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 8-декабрда кол койгон.

Эмгек акы үчүн жалпы төлөнүүчү каражатты Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр боюнча референдумдан жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эсептеп чыгышмакчы.

Шайлоо участкаларында иштөө үчүн мамлекеттик органдардын аткаминерлери, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана кыргыз ТИМинин кызматкерлери тартылууда.

Мурда өткөн парламенттик шайлоолордогу бир күндүк кызмат акы 9000 сомду түзгөн.

Анда он миң кызматкер жумушка тартылып, аларга 90 миллион сом төлөнүп берилген. Ошондой эле 15 миллион 23 миң сом киреше салыгы үчүн жана кызматкердин социалдык төлөмдөрүнө кеткен. Ошентип бул үчүн бюджеттик каражат 105 миллион 23 миң сомго жеткен.

Сүрөт: Светлана Зеленская