Референдум жана жергиликтүү кеңешти шайлоо — 79,5% конституцияга түзөтүү киргизүүгө макул, КСДП дээрлик бардык шаарларда алдыда

Кыргызстанда Конституцияга түзөтүү киргизүү боюнча референдум менен жергиликтүү кеңешти шайлоо болуп өттү. Алдын ала маалыматтарга караганда, 79,5% түзөтүүлөргө макул деп добуш беришкен. Ага ылайык, премьер-министрдин ыйгарым укуктары күчөп, депутаттарга аткаруу бийлигинде иштөөгө уруксат берилет жана соттордун көз карандысыздыгына доо кетет.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Бул баракта жыйынтыктарды камтыган көп таблица бар. Бирок алардан сырткары кызыктуу тексттик трансляция да бар. Эгер таблицаларды көрбөй эле дароо хроникага өткүңүз келсе, бул жерди басыңыз.

Алдын ала жыйынтыктар:

Негизгилери:

Алдын ала маалыматтар боюнча болжолдуу 80 пайыз шайлоочу конституцияга түзөтүү киргизүүгө макул деп добуш берген.

Референдумга катышуу болжол менен 42,07%, ал эми жергиликтүү кеңештерди шайлоого катышуу шаардан-шаарга айырмаланган (бардык жерде эле шайлоо өткөн жок), бирок жалпысынан ал 42ден 47% чейин жеткен.

Шаардык кеңештердин көпчүлүк шайлоосунда бийликчил КСДП алдыда, бирок абсолюттук көпчүлүккө ээ эмес. Чолпон-Атада болсо жергиликтүү «Табылга» партиясы жеңген.

Байкоочулар жана шайлоочулар өздөрү да билдиргендей, өлкө боюнча көпчүлүк участкаларда техникалык эсептегичтер иштебей, добуш берүү үзгүлтүккө учураган.

Айрым шайлоочулар катталган жери боюнча добуш бере алган эмес. Мындай учурга «Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов жана анын жубайы туш келген. Алар экөө эки башка участкаларда добуш берген.

Жалал-Абадда жана Жалал-Абаддагы Сузак айылында, Оштогу Араван айылында шайлоо комиссиясы шайлоочуларга добуш берүү үчүн чектерди колдо жазып беришкен. Анткени манжа издеринен көз каранды болгон термопринтерден чек чыгарып берүү мүмкүн болгон эмес. Мамлекеттик каттоо кызматы муну «ушак» деп атаган.

Бишкектеги участкалардын биринде шайлоочулар техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам автоматтык түрдө эсептеген электрондук үкөктөргө эмес, өз бюллетендерин картон кутуга салышкан. Бишкек шаары боюнча АШКнын төрагасы Кайрат Маматов эгер аймактык комиссиянын доосу жок болсо, анда картон кутудагы маалыматтар эсептелет кабарлаган болчу. Бирок ал кийинчерээк ырастагандай, бул участкадагы жыйынтыктар жокко чыгарылмакчы.

Президент Алмазбек Атамбаев «техникада мүчүлүштүктөр болушу керек» экенин айткан. Вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиевдин билдиришинче, уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү үчүн ыкчам чаралар көрүлгөн.

Тексттик трансляция: