Стамбулда эки жардыруу. Эмне белгилүү?

Стамбулдун борборунда эки жардыруу болду. Акыркы маалыматтар боюнча, 38 адам каза болуп, 160ы жаракат алган. Жабыркагандардын көпчүлүгү укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон.

Жергиликтүү саат боюнча саат 22:15те «Бешикташ» түрк футбол клубунун стадионунун жанында катуу жардыруу жүз берген. Ага улай эле бир канча секундадан кийин дагы бир жардыруу болгон.

Алгач 29 кишинин набыт болгону жана 166 адамдын жабыркаганы айтылып жаткан. Кийинчерээк каза болгондордун саны 38ге жеткен. Түркия өкмөтү болгон окуяны теракт деп атаган.

Түркиянын ИИМинин маалыматы боюнча, жарылуучу зат автомобилде болгон жана алыс аралыктан ишке киргизилген. Бирок окуяга күбө болгондордун билдиришинче, жарылуучу затты стадиондон өтүп бараткан машинадан белгисиз адамдар ыргытышкан.

Экинчи жардыруу алыс эмес жердеги паркта катталган. Анда, болжолдуу жанкечти террористтин аракети болгон.

Окуя болгон жерден кадрлар дүйнөлүк желеде пайда болгон. Видеодо эки бала гитарада ойноп, үчүнчүсү аларды камерага тартып олтурат. Алардын артында күтүүсүздөн жарык жанып, анын артынан жарылуунун үнү угулат.

Салттуу түрдө, окуянын чоо жайын аныктаганга чейин Түркияда терактты жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууга убактылуу тыюу салынган. Бул окуяга байланыштуу өлкөдө аза күтүү күнү жарыяланган.

«Vodafone Arena» стадионунда өтүп жаткан «Бешикташ» менен «Бурсаспордун» ортосундагы матчка 40 миң адам келген.

Күйөрмандардын эч кимиси жабыркаган эмес деп кабарланууда. Жардыруу акыркы көрүүчүлөр стадиондон чыгып кеткенден кийин болгон.

Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Жарылуу болгон жер курчоого алынып, полиция иш алып барууда. Окуя үчүн азырынча эч бир террористтик уюм жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Сүрөт: Tolga Bozoglu