Футбол: Чемпиондор лигасынын жана Европа лигасынын чүчүкулагынын жыйынтыктары

УЕФАнын Ньондогу (Швейцария) штаб-квартирасында Чемпиондор лигасынын финалынын ⅛ бөлүгүнүн жана Европа лигасынын финалынын 1/16 бөлүгүнүн катышуучуларынын жуптары аныкталды.

Салт боюнча бир өлкөнүн клубдары жана топтук баскыч мезгилинде беттешкендер бири-бири менен ойной алышпайт.

Командалар эки себетке бөлүнгөн. Биринчисине биринчи орундан топко чыккан клубдар, экинчисине финишке экинчи болуп келгендер түштү.

Биринчи себет: «Арсенал», «Лестер» (Англия), «Атлетико», «Барселона» (Испания), «Боруссия» Дортмунд (Германия), «Ювентус», «Наполи» (Италия), «Монако» (Франция).

Экинчи себет: «Бенфика», «Порту» (Португалия), «Бавария», «Байер» (Германия), «Манчестер Сити» (Англия), «ПСЖ» (Франция), «Реал», «Севилья» (Испания).

Чемпиондор лигасынын финалынын ⅛ бөлүгүнүн чүчүкулагынын жыйынтыгы:

«Манчестер Сити» – «Монако»
«Бенфика» – «Боруссия» Дортмунд
«Реал» – «Наполи»
«Бавария» – «Арсенал»
«Порту» – «Ювентус»
«Байер» – «Атлетико»
«ПСЖ» – «Барселона»
«Севилья» – «Лестер»

«Бавария» – «Арсенал» жубу салт болуп калды. Сүрөт: The Telegraph

«Бавария» – «Арсенал» жубу салт болуп калганын белгилей кетиш керек. Акыркы беш жылда бул клубдар Чемпиондор лигасында төртүнчү жолу беттешип жатат.

Чемпиондор лигасынын биринчи матчтарын жеңүүчүлөр үйүндө 14/15 жана 21/22-февралда өткөрүшөт, жооп катары мейманга барып 7/8 жана 14/15-мартта ойношот.

Жалпысынан Европа лигасына катышкан 32 команда бар, алар да эки себетке бөлүнгөн.

Биринчи себет: АПОЭЛ (Кипр), «Аякс» (Голландия), «Бешикташ», «Османлыспор», «Фенербахче» (экөө тең – Түркия), «Генк» (Бельгия), «Зенит» (Орусия), «Копенгаген» (Дания), «Лион», «Сент-Этьен» (экөө тең – Франция), «Рома», «Фиорентина» (экөө тең – Италия), «Спарта» (Чехия), «Тоттенхэм» (Англия), «Шальке» (Германия), «Шахтер» (Украина).

Экинчи себет: АЗ (Голландия), «Андерлехт», «Гент» (Бельгия), «Астра» (Румыния), «Атлетик», «Вильярреал», «Сельта» (Испания), «Боруссия» Менхенгладбах (Германия), «Краснодар», «Ростов» (Орусия), «Легия» (Польша), «Лудогорец» (Болгария), «Манчестер Юнайтед» (Англия), «Олимпиакос», ПАОК (Греция), «Хапоэль» Беер-Шева (Израиль).

Биринчи себетке топто биринчи орун алган 12 клуб, ошондой эле Чемпиондор лигасынан чыгып кеткен, көрсөткүчтөрү мыкты төрт команда түштү.

Экинчисине топтук баскычта экинчи болуп финалга келген 12 клуб, ошондой эле Чемпиондор лигасынан чыгып калган дагы төрт команда түштү.

Чемпиондор лигасы сыяктуу эле, Европа Лигасында да бир өлкөдөн келген командалар, орусиялык жана украиналык клубдар бири бири менен ойной алышпайт, топтук баскычта беттешкен командалар ортосунда оюнга тыюу салынган.

Европа лигасынын финалынын 1/16 бөлүгүнүн чүчүкулагынын жыйынтыгы:

«Краснодар» – «Фенербахче»
«Атлетик» – АПОЭЛ
«Легия» – «Аякс»
«Астра» – «Генк»
«Манчестер Юнайтед» – «Сент-Этьен»
«Вильярреал» – «Рома»
«Лудогорец» – «Копенгаген»
«Андерлехт» – «Зенит»
«Сельта» – «Шахтер»
«Олимпиакос» – «Османлыспор»
«Ростов» — «Спарта»
«Гент» – «Тоттенхэм»
«Боруссия» Менхенгладбах – «Фиорентина»
АЗ – «Лион»
«Хапоэль» Беер-Шева – «Бешикташ»
ПАОК – «Шальке»

Европа лигасынын 1/16 бөлүгүнүн матчтары кийинки жылдын 16 жана 23-февралында болот.