БШК Жалал-Абадда бюллетендердин тобу менен салынганын төгүндөдү

Боршайком Жалал-Абадда бюллетендер туура эмес ташталганын төгүнгө чыгарды. Мурда коомдук түйүндөрдө жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөсү добуш берүүчү урнага бир нече бюллетенди киргизип жатканы тартылган видео чыккан.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Kloop.kgге курган маегинде Жалал-Абаддагы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендерди туура эмес эле, аларды бузулуп калган автоматтык урнадан жаңысына ташышканын билдирди.

Анын айтымында, автоматтык урна иштебей калып, шайлоо комиссиясы добуш берген жарандарды эсепке алыш үчүн жаңысын алып келген.

«[Шайлоочулардын] укугу добуш берүүдө бузулбашы керек, алар бузулган урнадан [бюллетендерди] жаңысына ташып өтүп аларды добуш берилген деп гана эсептеген. Бул жасалмалоо эмес, ал жерде комиссия мүчөлөрү турат. Азырынча мен бир эле нерсе көрүп турам, алар муну ачыктан ачык эле көптөгөн элдин көзүнчө жасап жатышат», — деди ал.

Шайлдабекова эгерде шайлоо участогунда ушундай кырдаал түзүлүп калса комиссия акт түзүп, көпчүлүк добушка салып байкоочулар менен кошо эмне кылууну чечиши зарыл экенин айтты. Анын айтымында, ар бир шайлоо комиссиясы «көз каранды эмес статуска» ээ.

Жалал-Абад АШКсы бюллетендер туура эмес ташталганы тууралуу видеону чагым деп жатышат.

Аймактык комиссиянын төрагасы Дамир Жүндүбаев Жалал-Абаддагы №2098 участогунда автоматтык урна 10 мүнөткө иштен чыгып калып, алар бюллетендерди кайрадан жүктөөгө мажбур болушканын айтты.

«Анда участкалык шайлоо комиссиянын мүчөлөрү дагы, байкоочулар дагы, партиялардын өкүлдөрү дагы бар болчу. Таштоо болгон эмес. Бул чагым. Мен видеону айтып жатам», — деди Жүндүбаев.

Авторлошу: Александра Ли