«Ислам мамлекети» Пальмираны кайрадан ээлеп алды

«Ислам мамлекетинин» жоочулары Сириянын байыркы Пальмира шаарын кайра баштан ээлеп алышты, бул шаар алардан 2016-жылдын мартында тартып алынган болчу. Сириялык жана орусиялык аскерлер шаарды кармап кала алышкан жок. Пальмираны ИГИЛдин күчтөрү ээлеп алганы көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду, мурда жоочулар Сириянын Алеппо жана Ирактын Мосул шаарларын таштап кетишкен.

Сириялык аскерлер Алеппону кайра ээлегиче жана ЖМКнын бардык көңүлү ушул сириялык шаарга бурулуп турганда, ИГИЛ террористтик уюму  архитектуралык, тарыхый эстеликтерин жоочулар жок кылган Пальмира шаарын кайра ээлеп алышты.

Жоочулар ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесине кирген эстеликтер жайгашкан шаарды адегенде 2015-жылдын майында басып алышкан. ИГИЛдин мүчөлөрү антикалык шаарлардын урандыларын жок кылышкан, ал эми Баалшамин кудайынын урматына 131-жылы салынган храмдын талкаланышын жоочулар видеого кеңири тартып, ЖМКдан таратышкан.

Байыркы Баалшаамин храмынын урандылары.
Байыркы Баалшаамин храмынын урандылары.

«Ислам мамлекетинин» жоочулары Пальмираны тогуз ай бою кармап, ал арада шаардын тарыхый объектилерин жок кылып турушкан. 2016-жылдын мартында байыркы шаарды орусиялык жана сириялык аскерлер Ливандын «Хизбалла» жамаатынын жардамы менен бошотуп алышкан.

Пальмираны ИГИЛ кантип кайра талкалады?

«Ислам мамлекети» Пальмираны кайрадан төрт күн ичинде басып алды. Жоочулар 8-декабрда чабуулга өтүп, 11-декабрда эле шаарды ээлешти.

Сүрөт: Омар Санадики
Сүрөт: Омар Санадики

Британ радиоуктуруу компаниясынын (BBC) маалыматы боюнча, террорчулардын согуштук топтору шаарды үч тараптан басып ала башташты. Сириялык аскерлер жекшембиге чейин туруштук берип жатышты эле, кийин жоочулар жардыргыч салынган автоунааларды пайдаланып киришти. Сириялык аскерлер чегинүүгө мажбур болушту.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенковдун айтымында, мурда бошотулган Мосулдан качып барган Дейр эз-Зор жана Ракки аймактарынан «төрт миңге жакын террорчу техникасы: танктары, пехотанын согуштук машиналары, ири калибрдеги курал-жарак тагылган жолтандабастар менен» Пальмиранын аймагына жетип барышты.

Сүрөт: AP
Сүрөт: AP

Орусия Пальмиранын кулашын оор кабыл алды, анткени шаар негизинен орусиялык аскерлердин шарапаты менен бошотулган эле.

Орусиянын Башкы штабынын мурдагы башчысы Юрий Балуевскийдин пикиринде Пальмиранын алынышы — сириялык аскерлердин да, орусиялык аскерлердин да аброюна урулган сокку.

Орусия авиациясы 300дөн ашуун жоочуну жок кылды. Бирок негизги кагылыш Сирия армиясы менен ИГИЛдин ортосунда жерде болуп жатты. Натыйжада Башар Асаддын аскерлери чегинүүгө аргасыз болушту. Башар Асаддын өкмөтү Пальмираны ИГИЛден кайра бошотуп алыш үчүн колдон келгенин кылууга убада берүүдө.

Сириянын бийлиги шаардын калкы көчүрүлүп кеткенин айтат. Согуштук аракеттерге чейин Пальмирада 80 миң киши жашачу, бирок согуш маалында шаарда жүздөгөн үй-бүлө гана калган. Мындан тышкары, Пальмирада Орусиянын чакан аба базасы жайгашкан.

Сүрөт: AP
Сүрөт: AP

Пальмира — маанилүү стратегиялык объект. Ал аркылуу Дамаск жана Хомсу шаарларына кетчү жолдор өтөт, жанында болсо мунай кендери бар. ИГИЛ үчүн Пальмираны ээлеп алуу — маанилүү кадам, анткени акыркы убакта жоочулар чегинип эле кетип баратышкан. Алар Сириянын Алеппо жана Ирактын Мосул шаарларын колдон чыгарышты.

ИГИЛ — көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп табылган уюм. «Ислам мамлекети» Ирак менен Сириянын аймагында «халифат куруу боюнча» иш жүргүзүп келатат. Уюм душмандарына жана туткундарга кылган таш боордугу менен таанымал, ал эл көзүнчө өлүм жазасына тартып, жапырт киши өлтүрөт.