Кыргызстандын облустарында 60 мектеп карантинге жабылды

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, сасык тумоого жана ОРВОго байланышкан кырдаал дагы эле эпидемиялык мүнөздө болуп жатат. Аймактардагы 60 мектепте жана 19 бала бакчада карантин узартылды.

Кыргызстандын облустарында карантин узартылды. Себеби — ОРВОнун эпидемиясы.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, аймактардагы мектептерде жана бала бакчаларда ооруп калгандар көбөйдү. Азырынча карантин үч күндөн беш күнгө чейин 60 мектепте жана 19 бала бакчада узартылды.

Бишкектеги мектептер менен бала бакчалар жана аймактардагы башка окуу жайлары кадимки режимде иштеп жатышат. Сабактар 12-декабрда башталды. Баткен облусунда бир да окуу жайы карантинге жабылган жок.

«Бишкектин мектептеринде сабак башталды. Бирок республика боюнча мектептерди да, бала бакчаларды да карантинге жабышка туура келди. Санэпидкөзөмөлдүн кызматкерлери бизге облустардагы мектептерде жана бала бакчаларда ооруп калгандар көбөйгөнүн кабарлашты. Карантин дагы 3-5 күнгө жарыяланды, бирок кайсы облуста [карантин канчалык узак болооруна] көз салыш өтө кыйын», — деди Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери Айзура Чыкынова.

Билим берүү министрлигин маалыматы боюнча, Кыргызстандын ар кайсы облустарындагы 60 мектепте жана 19 бала бакчада карантин жарыяланды.

Талас облусунда карантинге 29 мектеп жана 17 бала бакча: Талас районунда 28 мектеп жана тогуз бала бакча, Манас районунда бир мектеп жана Талас шаарындагы сегиз бала бакча жабылды.

Ош облусунда карантинге Араван районундагы бир мектеп жабылды.

Ысык-Көл облусунда карантинге 10 мектеп жана бир бала бакча: Ысык-Көл районунда тогуз мектеп, Ак-Суу жана Тоң райондорунда бир мектеп жабылды. Карантинге жабылган бала бакча Жети-Өгүз районунда.

Чүй облусунда карантинге 18 мектеп жана бир бала бакча: Сокулук районунда – беш мектеп, Панфилов районунда – 11 мектеп жана бир бала бакча, Москва районунда – эки мектеп жабылды.

Жалал-Абад облусунда Чаткал районундагы бир мектеп карантинге жабылды.

Нарын облусунда Нарын районундагы бир мектеп карантинге жабылды.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, ОРВО менен ооругандардын саны былтыркы статистикадан ашып түштү.

Жыл башынан бери сасык тумоо жана ОРВО менен 144 миң адам ооруп чыкты, ал эми эпидемиялык сезон башталгандан бери кайрылгандар бир канча эсе көбөйдү.

ОРВО менен ооруганда эмне кылыш керек?

ОРВО — бул оор респиратордук вирустук оору, эл ичинде суукка урунуу деп аталат.

Антибиотиктерди колдонууга болбойт, анткени вирустук ооруга каршы алардын таасири жок. Тез жардамдын дарыгерлери балдарга ацетилсалицил кычкылдыгын (аспиринди) берүүгө да болбой тургандыгын белгилешүүдө.

Айрым учурларда антибиотикти педиатр же терапевт гана дайындай алат.

Эти ысыган балдар жеңил кийиниши керек. Аларды жылуу ороп-чулгаганга таптакыр болбойт.

Дарыгерлер ысыкты түшүрүүчү күчсүз дарылар менен жана бөлмө температурасындагы сууну бат-баттан сүртүү менен дененин табын түшүрүүгө кеңеш беришет.

Ысык түшүрүүчү дарыларды, мурундун бүтүшүн жеңилдете турган тамчылар менен спрейлерди, жөтөлгө каршы микстуралар менен кайнатмаларды колдонсо болот.

Ооруп калган учурда суюктукту: ширелерди, морсторду жана малина, бал же лимон кошулган жылуу чайды көп ичиш керек. Оору учурунда күнүнө 3-4 литр суюктук ичип туруу зарыл.

Оорунун биринчи күнүнөн тартып төшөк режимин сакташ керек. Эгерде жогоруда сөз болгондордун баары жардам бербесе, дарыгерге кайрылган оң.