Лео жана Муртаза: Месси «пакеттен жасалган футболкачан» бала менен кезикти

Каталониялык «Барселонанын» футболчусу Лионель Месси оогандык бала Муртаза Ахмади менен жолукту. Февралда чаар түспөл, целлофан пакеттен жасалган Мессинин аты жазылган «футбол формачан» баланын сүрөттөрү бардык дүйнөлүк негизги ЖМКлардын назарын бурган.

Ооганстандык Муртазы Ахмади аттуу баланын сүрөттөрү 2016-жылдын башында Интернеттин баарын кыдырып чыкты. Бала сүйүктүү футболчусу Лионель Мессинин номери тартылган кол менен жасалган форма кийип алып Интернет колдонуучулардын да, футболчулардын өздөрүнүн да жүрөгүн жылытты.

Ооганстандык Муртаза Ахмади.

Муртазанын сүрөттөрү эң белгилүү дүйнөлүк ЖМКларды кайра басылып чыккан. Тез эле кайдыгер карабаган адамдар оогандык баланы издеп таап, анын пиринин автографы коюлган чыныгы футболканы белекке беришти.

Бирок окуя ошону менен эле бүтүп калган жок — 13-декабрда «Барселона» Катарга «Аль-Ахли» менен жолдоштук беттешүү өткөргөнү келди, ал жерде Муртаза Лионель Месси менен чындап жолугушту.

https://twitter.com/messi10stats/status/808629450753671168

Бала күйөрмандардын кол чабуусу астында «Аль-Ахли» менен матч болоордо аргентиналык футболчу менен кошо оюн талаасына чыкты. Муртаза топту талаанын ортосуна коюп берди, аны болсо оюн алдындагы жалпы сүрөткө кошо тартып алышты.