УКМК Аблязовдун 2005-жылдагы революцияны каржылаганынын чын-төгүнүн текшерет

Куугунтуктагы казак саясатчысы Мухтар Аблязов 2005-жылдагы «жоогазын революциясынын» алдында кыргыз оппозициясын каржылаганын билдирди. Атайын кызматтар казак оппозициячысынын Кыргызстандагы бийликтин алмашуусуна тиешеси бар-жок экенин текшерет.

БТА Банктын мурдагы ээси, оппозициядагы казак саясатчысы Мухтар Аблязов француз басылмасы Liberation басылмасына маек куруп, анда Кыргызстанда 2005-жылы болгон революцияны каржылаганын билдирди.

Анын айтымында, ал Кыргызстан «Казакстанга үлгү болсун деп», аны демократизациялаш үчүн оппозицияга акча берген.

«2005-жылдын башында мен Кыргызстандагы режимдин кулашына өбөлгө түзүш үчүн ал жактагы оппозицияны каржылап бердим. Постсоветтик өлкөлөрдүн биринде демократиялык процесстер башталышы, алар Казакстанга үлгү боло турган туура реформаларды жүргүзө алышы мен үчүн маанилүү болчу», — деди ал.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Аблязовдун сөзүнүн чын-төгүнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иликтеп чыгаарын билдирди. Ал текшерүү кантип жүргүзүлөөрү белгисиз.

2005-жылдагы революция — эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бийликтин күч менен алмашуусу, анын натыйыжасында биринчи президент Аскар Акаев бийликтен кулатылган.

Жыйынтыгында Акаевдин ордун Курманбек Бакиев ээлеп, беш жылдан кийин ошондой эле жол менен 2010-жылдагы апрель революциясынын натыйжасында ал да бийликтен куулган.

Маекте Аблязов өзү каржылаган конкреттүү кыргыз оппозициячыларынын аттарын атабайт — ал кезде мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева, мурдагы премьер-министр Курманбек Бакиев, депутаттар Азимбек Бекназаров жана Өмүрбек Текебаев, ишкер Алмазбек Атамбаев Акаевдин жигердүү каршылаштары болушкан.

Акаев өзү революцияга төрт ай калганда анын каршылаштары чет өлкөдөн каржыланып жатканын билдирген эле. «Мындай практика жакшылык менен бүтпөйт: ал биздин улуттук кызыкчылыгыбызга туура келбейт жана күтүүсүз натыйжаларга алып келиши мүмкүн», — деп билдирген ал 2004-жылдын декабрында.

Мухтар Аблязов деген ким?

Аблязов – таасирдүү казакстандык жана орусиялык ишкер, Казакстандын мурдагы энергетика, өнөр жай жана соода министри.

2001-жылы Аблязов «Казакстандын демократиялык тандоосу» оппозициялык кыймылын негиздөөчүлөрдүн бири болгон. 2002-жылы эле Казакстандын соту аны кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылга түрмөгө кескен.

«Фергана» маалымат агенттиги жазгандай, 2003-жылы Аблязов кечирим алып, кайра саясат менен алектенбей турганын айткан убадасы үчүн түрмөдөн бошотулган.

Ага каршы кийинки кылмыш иши 2009-жылы козголгон, ал БТА банкын мамлекетке өткөрүүдө алдамчылык кылды деп айыпталган. Ошондон кийин оппозициячыл саясатчы Казакстандан качып чыгып, узак убакыт бою Улуу Британияда жашап келген.

Англиянын соттору БТА Банктын Аблязовго каршы 4 миллиард доллардан ашуун суммадагы доо арызын канааттандырышкан. Эки жарым жыл ичинде банк 1,4 миллиард долларын кайтарып алганга жетишкен.

2012-жылы британ соту мурдагы банкирди өзүнүн каржылык активдери тууралуу жалган көрсөтмө бергендиги үчүн 22 айга эркинен ажыратууга өкүм кылган.

Эркиндикке чыккандан кийин Аблязов Улуу Британиядан кетип, бирок Франциядан кармалган. Аны Орусиядагы жана Казакстандагы доо арыздар боюнча Орусияга экстрадициялоо жөнүндө маселе көтөрүлгөн.

Бирок 2016-жылдын 9-декабрында Франциянын Мамлекеттик кеңеши Аблязовду экстрадициялоо тууралуу соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча токтом кабыл алган.

Авторлошу: Александра Титова

Сүрөт: «Азаттык»