Тыгындан арылган жол, бекер Wi-Fi жана адептик кодекс. Партиялар бишкектиктерге кандай убадаларды беришти?

Беш партия — КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» — Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо жеңип чыгышты. Бул партиялар кандай убадаларды беришти жана эгерде саясатчылар айтканын аткарса, Бишкектин кебетеси кандай болушу керек?

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум менен кошо 11-декабрда өттү. Бишкекте беш партия 7 пайыздык чектен ашып, шаардык кеңешке өттү.

Бишкек шаардык кенешинде партиялардын орун бөлүштүрүүсү:

mesta-v-gorkeneshe1

КСДП

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) баарынан көп добуш алып, 24 пайызга ээ болду. Биринчи орунда экенине карабай, социал-демократтар 45 орундуу Бишкек шаардык кеңешинде сегиз орундан ажырады, эми алардын 13 депутаты болот.

КСДПнын бардык убадалары аткарылса эмне болот:

  • Жаңы таштанды полигону пайда болот;
  • Азыркы төгүндүнүн ордуна токой тигилет;
  • 70 көчө оңдолот;
  • Парктар жана Ботаникалык бак калыбына келтирилет;
  • Кар күрөөчү машиналар сатылып алынат;
  • Даг 10 миң көчө чырагы орнотулат;
  • Автобустарда жана троллейбустарда электрондук билеттер болот;
  • Бишкектин так пландоо планы кабыл алынат;
  • Шаардагы сугат жакшы жолго коюлат.

«Республика — Ата-Журт»

Бул партия Бишкек шаардык кеңешинде экинчи орун алып, КСДПдан 1 пайызга гана артта калды — партияга шайлоочулардын 23 пайызы добуш берди. «Республика — Ата-Журттун» депутаттары 12 орунду ээлейт, бул мурдагыдан бир орунга көп.

Эгерде «Республика — Ата-Журт» убадасын аткарса:

  • Ким көп жол жүрсө, ошол транспорт салыгын көп төлөйт;
  • Имараттардын сейсмикалык туруктуулугу текшерилет;
  • Жашы жете электерге ичкилик жана тамеки саткандар түрмөгө кесилет;
  • Кечки саат 10дон кийинки салюттарга тыюу салынат;
  • Бишкекте автоунаа коюучу жерлер көбөйөт;
  • Тез жардам 7 мүнөттө жетип келет;
  • Мамлекеттик кызматкерлер жарандарга орой мамиле кылганы үчүш штраф төлөшөт;
  • Көп кабаттуу үйлөрдөгү лифттердин баары жаңысына алмаштырылат;
  • Мамлекеттик ипотека жарандарга жеткиликтүү болуп калат.

«Өнүгүү-Прогресс»

«Өнүгүү-Прогресс» шайлоочулардын 15 пайыз добушун алды, эми партия Бишкек шаардык кеңешинде 8 орун алат. «Өнүгүү-Прогресстин» талапкерлери шаардык кеңештин мурдагы курамында болгон эмес.

Бул партия эмнелерди убада берген:

  • Транспорттук карта түзүлөт;
  • Борбордо көп кабаттуу автоунаа токтотуучу жайлар пайда болот;
  • Экинчи даражадагы жолдор оңдолот;
  • Бишкектин бюджети көбөйөт;
  • Муниципалдык мүлктүн онлайн-базасы түзүлөт.

«Мекеним Кыргызстан»

Бул партия шайлоочулардын 12 пайыз добушун алып, Бишкек шаардык кеңешинде 7 депутаты иштей турган болду. «Мекеним Кыргызстан» шаардык кеңештин мурдагы курамына кирген эмес.

Партия Бишкекте эмне кылууга убада берди:

  • Чакан жана орто ишкерлик өнүгөт;
  • Мектеп окуучулары коомдук транспортто бекер жүрөт;
  • Бала бакча ачкандарга жеңилдик берилет;
  • Жаш дарыгерлерге турак-жай берилет;
  • Бардык мектептер жана ооруканалар оңдолот;
  • Карыган кишилер жана майыптар өз үйүндө тейленет.

«Кыргызстан»

«Кыргызстан» партиясы 5 депутаттык орунду ээлейт. Ал үчүн шайлоочулардын 9 пайызы добуш берген. Буга чейин «Кыргызстан» Бишкек шаардык кеңешинин курамына кирген эмес.

Партия Бишкекте эмне кылууга убада берди:

  • Калктуу конуштар борбор менен бирдей өнүгөт;
  • Жаңы бейтапканалар жана балдар аянтчалары пайда болот;
  • Калктуу конуштарда камералар орнотулат;
  • Бишкекте бекер Wi-Fi зоналары болот;
  • Бишкек тургунунун адептик кодекси пайда болот;
  • Стадион жана концерттик зал пайда болот;
  • Борбор базарлардан, соода борборлорунан жана мамлекеттик мекемелерден бошотулат.