«Атанын керээзи» фильми «Оскар» кино сыйлыгынын кыска тизмесине илинген жок

Режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапардын «Атанын керээзи» кинотасмасы «Оскар» кино сыйлыгынын кыска тизмесине кире алган жок. Сентябрда фильм Монреаль кинофестивалынын «Алтын меридиан» сыйлыгына татыган.

Американын Hollywood Reporter басылмасы «Оскар» кино сыйлыгынын кыска тизмесине кирген фильмдердин тизмесин жарыялады. Кыргыз тасмасы ал жакта жок болуп чыкты.

«Чет тилдеги эң мыкты фильм» номинациясынын кыска тизмесине онго жакын өлкө кирди — алар орусиялык режиссер Андрей Кончаловскийдин «Бейиш» тасмасы жана Австралиядан, Германиядан, Даниядан, Ирандан, Канададан, Норвегиядан, Швейцариядан жана Швециядан жиберилген фильмдер.

Тогуз фильмдин ичинен бешөө сыйлыкка көрсөтүлөт, кайсынысы экени 24-январда билинет. «Оскарды» тапшыруунун 89-салтанатынын өзү 2017-жылдын 26-февралында Лос-Анджелесте өтөт.

Кыргызстандан барган «Атанын керээзи» тасмасы кино сыйлыктын узун тизмесине гана илинди, ага башка өлкөлөрдөн келген 84 тасма да кирген.

Фильмдин продюсери Талант Төлөбековдун айтымында, тасма Монреалдагы «Алтын меридиан» кино фестивалында баш байгени утуп алгандан кийин «Оскар» менен «Алтын глобустун» узун (жалпы) тизмесине кошулган.

«Бул кыргыз кинематографунун тарыхында да, биздин өлкөнүн тарыхында да биринчи жолу болуп атат. Уюштуруучулар өздөрү демилге көтөрүп, биздин фильмди алдырышты. Кыргызстан үчүн бул өзүн көрсөтүүнүн алгачкы олуттуу аракети», — деген ал октябрдын башында Kloop.kg менен болгон маектеринин биринде.

«Атанын керээзи» фильми АКШда ата-энеси менен кошо 15 жыл жашаган жигит жөнүндө баяндайт. Ал Америкада көз жумган атасынын акыркы өтүнүчүн аткарыш үчүн Кыргызстандагы өз айылына барат.

Кыргызстанда ал үйү менен чарбасы каралбай калганын, атасынын иниси менен туугандары айылдан кетип калышканын билет. Фильмдин каарманы каралбай калган үйдү калыбына келтирип, атасынын карыздарын төлөйт.

Күндөрдүн биринде атасы үчүн түрмөдө отуруп чыккан бир тууганы келет. Бул жолугушуу атасы баш каарманга чын эле эмне керээз калтырганы тууралуу суроого жооп берүүгө тийиш.

ТЕМА БОЮНЧА: