Талас: 34 мектеп директору «жумушка келбей койгону үчүн» иштен кетти

2016-жылдын октябрында Таластагы мектептердин жана бала бакчалардын 34 директору Бишкекке нааразылык акциясына келген. Педагогдор аларды иштен алаксыткан текшерүүлөргө нааразылыгын билдиришкен. Эми алардын баары «өз каалоосу менен» иштен кетти. Анткени алар «жумушка келбей койгон» жана «педагогикалык этиканы бузган».

Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Байыш Керимбаев директорлор «педагогикалык этиканы» бузушкан деп эсептейт. Этиканын бузулушу тууралуу маселе Таластын прокуратурасында жана шаардык билим берүү бөлүмүндө талкууланган.

«Алар уруксат албай-этпей толук иш күнүн бош кетирип Бишкекке кетип калышкан. Алар педагогикалык этиканы бузуп, жумушка келбей койгону үчүн иштен кетти. Прокуратуранын тапшырмасы менен биз бул маселени жамаатта талкуулаганбыз. Мектеп директорлору өз ыктыяры менен кетишкени тууралуу арыз жазып беришкен», — деди Керимбаев Kloop.kgнин журналистине.

Таластагы мектептердин жана бала бакчалардын директорлору өз каалоосу менен иштен бошотууну суранып арыз жазышкан соң Таластагы билим берүү бөлүмү алардын ордуна киши издегенге аргасыз болгон.

«Азыр биз мугалимдер жамаатынан жана директорлордун орун басарларынын арасынан кимдерди директорлук кызматка коюш керек экенин чечип жатабыз», — деди Байыш Керимбаев.

Кызматтан кеткен директорлордун бири Рахима Орозалиева Таластагы билим берүү мекеме жетекчилерин жапырт кызматтан кетиши боюнча өз оюн айтты.

«Чечим мыйзам чегинде болгон — анткени мунун баарын мыйзамдын башында турган адамдар чечкен. Мен Талас району эң мыкты жана мээнеткеч директорлорунан айрылды деп гана айта алам», — деди ал.

«Жумушка келбей коюунун» себеби

Октябрдын аягында Талас облусунан келген 34 мектеп директорлору Өкмөт Үйүнүн алдына нааразылык акциясына чогулган. Алар Таластын окуу жайларында күчөп кеткен текшерүүлөргө нааразылыгын билдиришкен. Директорлордун айтымында, текшерүүлөр аларды иштен алаксыткан болчу.

Ал кезде КСДПнын депутаты Гүлкан Молдобекова облустук билим берүү бөлүмүнүн башчысына кызматтан кетүүнү сунуш кылган.

«Ушул жерде 34 директор жүргөнү үчүн эле облустук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан өзү кетиши керек», — деген Молдобекова.

Ал эми КСДПнын депутаты Евгения Строкова текшерүүнүн күчөп кетишин сынга алган. Ал текшерүүлөр бир тараптуу жүргүзүлүшү мүмкүн деп кооптоноорун айткан.

«Мамлекетте бардык билим берүү жана медицина мекемелерин камсыз кылууга акча жетпей жатканы так ушу Эсептөө палатасынын, Башкы прокуратуранын жана башка текшерүүчүлөрдүн чырагына май тамызат. Балчык сууда балык кармаган оңой. Мен эмнени айткым келгенин сопсонун түшүнүп жатасыңар», — деген ал.