Депутат транспорт министрине Адольф Гитлерден үлгү алууну сунуштады

Парламенттин 16-декабрдагы отурумунда «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов транспорт министрине Адольф Гитлердей болуп жол салууну сунуштады.

Парламентарий Бахадыр Сулеймановго жол жана транспорт министри Замирбек Айдаровдун Бишкек — Ош — Жалал-Абад жолун салуу боюнча отчёту, айрыкча маселенин каржылык жагы жакпай калган.

Туура логистика жана каражатты туура бөлүштүрүү жагынан мисал көрсөтүү үчүн ал Үчүнчү рейх Адольф Гитлерди келтирген.

«Билесиңерби, Германиянын бюджетинде согуш учурунда бир да тыйын болгон эмес. Ал эми Гитлер канчалаган автожолдорду салды! Мунун баары туура логистика жүргүзүлгөндүктөн болгон», — деген депутат.

Депутат Бахадыр Сулейманов поражен количеством дорог, построенных Адольфом Гитлером. Фото: АКИpress
Депутат Бахадыр Сулейманов Адольф Гитлер тарабынан салынган жолдордун санына таң калат. Сүрөт: АКИpress

Депутат Кыргызстандын жол куруу үчүн «ири насыяларды» алганына таң калат.

Бахадыр Сулейманов кошумчалагандай, ал техникалык адис эмес жана жол салуунун тилин билбейт, бирок каржылык жагы анын тынчын алган. Депутат өлкөнүн жаңы жолдорду тейлей алышынан күмөн санайт.

«Бир километр жолду салуу бизге эки жарым миллион АКШ доллары турат. Менин көз карашымда, бул өтө кымбат. […] Биз Кытайдын банкынан эки пайыз менен насыя алабыз. Бул ири сумма. Сиз элестетип атасызбы, бул жол бизге канчага турат, бир эле келишим боюнча эки пайыз менен 20 жылга 400 миллион доллар алып, анан канча төлөшүбүз керек экенин? Туура, жол салыш керек, бирок кийин аларды кантип тейлейбиз?» — деген эл өкүлү.

Гитлер жана заманбап саясат

Азыркы саясатчылар Гитлерди оң каарман катары маал-маалы менен колдонуп турушат. 2016-жылы мындай салыштыруулары менен филиппин президенти Родриго Дутерте менен түрк президенти Режеп Эрдоган айырмаланган.

97253077_presidential-candidate-davao-mayor-rodrigo-duterte-speaks-to-supporters-during-an-election-xlarge_trans-eo_i_u9apj8ruoebjoaht0k9u7hhrjvuo-zlengruma

Ушул жылдын октябрында Гитлерге байланыштуу талкуу жараткан салыштыруу Филиппиндин президенти Родриго Дутерте тарабынан айтылган.

Давао шаарындагы өткөн конференцияда сөз алган Родриго Дутерте «болочок муундун келечеги үчүн», «Филиппиндин үч миллион баңгизатка көз каранды адамдарынын» жазасын берээрин билдирген.

«Германиянын Гитлери бар болчу, ал эми Филиппинде мен болом», — деген президент. Аны, эмитеден эле, баңгизатка каршы мыйзамын бузган үч миңден ашык адамдын өлүмүнө айыптап жатышат.

erdogan

Түркиянын президенти Режеп Эрдоган Гитлер менен Үчүнчү рейхти «эффективдүү өкмөттүн» мисалы катарында 2016-жылдын январында айткан болчу. Анда түрк дипломаттары лидеринин айткандарын туура эмес түшүнүп калбасы үчүн, ал башка нерсени айткысы келгенин билдирүүгө үлгүрүшкөн.

Бирок ушул жылдын ноябрында Эрдоган кайрадан Гитлер менен салыштыруу кылып, бул жолкусунда ал Израилдин саясатын Гитлер менен салыштырган.

Түркиянын президентин болсо Үчүнчү рейхтин лидери менен салыштырышат. 2016-жылдын майында Берлиндеги түрк элчилигинин дубалында Гитлер акырындык менен Эрдоганга айланып бараткан элестүү сүрөтү пайда болгон. Сүрөттө «Ал кайтып келди» деген жазуу болгон.