Кыргызстандын премьер-министри Оштон Бишкекке көчүп келгенде каттоого турган беле?

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков жакында болуп өткөн референдумда Бишкекте эмес, Ошто катталгандыктан улам добуш бере алган эмес. Бул факт премьер-министрдин борбордо катталып-катталбагы боюнча суроо жараткан.

Жээнбеков 11-декабрда өткөн референдумда добуш бере алган эмес. Анткени анын каттоосу азыр премьер-министр катары иштеп жаткан Бишкекте эмес болуп чыккан.

Бул факт журналисттердин арасында суроо жаратып, 16-декабрда өткөн басма сөз жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Тайырбек Сарпашевди ыңгайсыз абалга салган.

МККнын башчысы премьер-министрдин ички миграция боюнча мыйзамды аткарып-аткарбаганы боюнча жооп бере алган эмес. Ички миграция мыйзам боюнча өлкө ичинде жарандар бир жерден башка жакка көчкөндө катталган дарегин өзгөртүшү керек.

Кыргызстандын жарандары эгерде бир аймактан чыгып башка жакка 45 күндөн ашык убакытка барса, анда паспорт столго барып, каттоодон өтүшү керек. Жээнбеков борбор калаада бул көрсөтүлгөн мөөнөттөн көп убакыттан бери иштеп келет.

Эгерде ички мигранттар каттоого турбаса, анда МККнын кызматкерлери бул тууралуу милицияга билдирип, мыйзам бузгандар 50 сом штраф төлөшү керек болот.

Эгер премьер-министр Жээнбековдун да каттоосу жок болуп чыкса, анда ал көрсөтүлгөн штрафты төлөшү керек.

МККдан билдиргендей, премьер-министр учурда жашаган жери боюнча убактылуу каттоого ээ — ал Бишкектин чет-жакасындагы мамлекеттик резиденцияда жашайт.

МККнын басма сөз борборунун кызматкери Дамира Азимбаеванын айтымында, төрага Тайырбек Сарпашев Жээнбековдун каттоосунун бар-жок экенин билбеши мүмкүн, анткени бул кесиптик маалымат болуп эсептелет.

«Мындай маалыматты бизге расмий кайрылуу боюнча гана берет. Сарпашев чиновниктердин кимиси катталып, же кимисинин убактылуу каттоого турганы боюнча маалыматты билиши керек эмес, түшүнүп жатасызбы», — деген ал.

Кыргызстанда ички миграция боюнча мыйзам дээрлик 15 жылдан бери бар, бирок жарандардын бир жерден башка жакка которулганын көзөмөлдөгөн механизми жок.

Ички мигранттардын көпчүлүк бөлүгү каттоого туруу керек эмес деп эсептешет.

ТЕМА БОЮНЧА:


«Орун которуулар көзөмөлдөнбөйт». Ички миграция тууралуу мыйзам керекпи?