Казакстанда коомдук желелер жана интернет ресурстар иштеп калды [жаңыланды]

Казакстанда коомдук тармактардын иштөөсү 17-декабрь эртең менен калыбына келтирилди. Бир күн мурда «Фэйсбук», «Инстаграм», «Ютуб» жана «Гуглдын» айрым сервистери иштебей калган болчу. Бийлик мунун расмий себеби катары «техникалык мүчүлүштүктөрдү» атады. Бирок тосмолоо оппозициячы Мухтар Аблязовдун түз эфирде интервью берген убакытка туура келген.

Vlast.kz интернет басылмасы жазгандай, 16-декабрдын түнү «Гугл» сервистери калыбына келтирилип, андан соң башка сайттар ачыла баштаган. Эң көп убакыт «Фэйсбукту» калыбына келтирүүгө кеткен — коомдук желе 17-декабрь эртең мененки убакытка чейин тоскоолдуктар менен иштеген.

365info.kz аналитикалык сайты жазып чыккандай, «Гугл» менен «Инстаграмдын» иштөөсү 17-декабрь күнү эртең менен калыбына келтирилген. Ошону менен бирге эле «Ютуб» жана «Фэйсбуктун» иштөөсү начар болгон.

Казакстандын маалымат жана байланыш министрлиги убактылуу мүчүлүштүктөрдү техникалык ката менен байланыштырган.

Казакстандык интернет-басылма Vlast.kz жазганына караганда, популярдуу коомдук түйүндөр казакстандыктар үчүн жергиликтүү убакыт боюнча кечки жети жарымдан тартып ачылбай калды. Сайттар стационардык компьютерлерден да, телефондордон да ачылган эмес.

Казакстандын интернет-провайдерлери менен Маалымат жана байланыш министрлиги азырынча жагдайга комментарий бере элек.

16-декабрь күнү кечинде «Ютубдагы» түз эфирде «Бәсе» маалымат порталы оппозициячы Мухтар Аблязов менен маектешкенден кийин коомдук түйүндөрдүн ачылышы кыйындаган.

Видеохостинг кызматынын өзү да Аблязов менен маек жарыкка чыккандан кийин казакстандыктар үчүн жеткиликсиз болуп калган.

Бир күн мурун БТА банктын мурдагы ээси, куугунтуктагы саясатчы Мухтар Аблязов француздардын «Либерасьон» гезитине интервью берген.

Француз журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып ал өз активдерин сот аркылуу мамлекеттен кайтарып алып, Казакстандагы оппозицияны каржылай турганын билдирген.

Ал 2005-жылы Кыргызстандагы оппозицияны каржылап, ал аркылуу 24-марттагы революцияга өбөлгө түзгөнүн да эскерген. Ал коңшу өлкөнүн либералдашуусу Казакстандагы демократиянын өнүгүшүнө жакшы таасир этээрине үмүт артканын айткан.

90-жылдардын аягында Аблязов Казакстанда энергетика, өнөр жай жана соода министринин кызматын ээлеп турган. 2000-жылдардын башында ал Назарбаевдин саясатына нааразылыгын билдирип, Казакстанда оппозицияны каржылап, чогулта баштаган.

2009-жылы Казакстандын бийлиги Аблязовду БТА банктан 6 миллиард доллар уурдап сарптаган деп күнөөлөгөн. Казакстандын бийлиги ошол эле жылы Аблязовдун банкын мамлекетке өткөрүп алып, Башкы прокуратура болсо Аблязов оффшорлор жана камсыздалбаган насыялар аркылуу банктан миллиарддаган доллар акчаны чыгарып кеткенин билдирген. Банктын тегерегиндеги жаңжалдан кийин Аблязов адегенде Улуу Британияга, ал жактан Францияга качкан.

2013-жылы ал Францияда кармалып, камакка алынган. Аблязовдун экестрадициясын Орусия менен Украина талап кылышкан, анткени анын БТА банкты жетектеп тургандагы иштери Казакстандан тышкары ушул эки өлкөдө да иликтенип келет. Казакстандын өзүндө Франция менен экстрадиция тууралуу келишими жок болчу.

2015-жылдын сентябрында Франция Аблязовду Орусияга берүүгө макул болгон, бирок анын коргочулары бул чечимге каршы арыз беришкен. Ал эми 2016-жылдын декабрында Франциянын Мамлекеттик кеңеши ― өлкөнүн административдик иштер боюнча эң жогорку сот инстанциясы ― Аблязовду Орусияга экстрадициялоо жөнүндө токтомду четке кагып, аны эркиндикке чыгарган.

Сүрөт: Жанара Каримова, Vlast.kz

ТЕМА БОЮНЧА:


УКМК Аблязовдун 2005-жылдагы революцияны каржылаганынын чын-төгүнүн текшерет