БШК Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккандардын арызын укпай койду [материал чындыкка туура келбейт]

Көңүл бургула: Бул тексттин мазмуну чындыкты бурмлайт. Kloop.kgнин редакциясы өз окурмандарынан жана Борбордук шайлоо комиссиясынан маалыматты туура эмес бергени үчүн кечирим сурайт.

Бурмалоонун мазмуну Борбордук шайлоо комиссиясы укук коргоочу Рита Карасартованын арызын аны тоготпогондуктан эмес, жыйын үчүн зарыл кворум чогулбай койгондуктан карабаганында. 

Карасартованын арызын кароо кийинки күнгө калтырылды.

БШК жыйын өткөрүп, анда жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана референдум боюнча арыздарды териштирди. Жыйынды укук коргоочу Рита Карасартованы укпай эле бүтүрүп салышты. Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын карап да койбогону билинди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 18-декабрда жыйын өткөрүп, анда Кыргызстандын шайлоо участокторунан келген арыздарды окуп, карап чыкты. Отурумдун натыйжасында Кара-Балта шаарында партиялардын бири алган добуштар «шайлоочуларга басым көрсөтүлгөндүгү үчүн» жокко чыгарылды.

Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккан үгүт тобунун кайрылуусун да карашы керек болчу. Өз арызында топ көптөгөн мыйзам бузууларга байланыштуу референдум боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылган.

Жарым саат бою Рита Карасартова кайрылууну жарыя кылыш үчүн кезек күтүп турду, бирок БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова укук коргоочуга сөз бербей жыйынды бүтүрүп салды.

Карасартованын эмне үчүн арызды караган жоксуңар деген суроосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү «арыз бүгүнкү регламентке кирген эмес» деп жооп беришти.

Натыйжада укук коргоочу БШКнын кызматкерлери менен кошо имараттан чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Каршы чыккан үгүт тобунун кайрылуусу

Карасартова добуш берүүдөгү мыйзам бузулган учурлар жөнүндө отчетторду эске алууну жана Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр боюнча референдумду өткөн жок деп табууну сунуш кылган.

Мындан тышкары, укук коргоочу референдумга чейин жарандар менен ачык коомдук кеңешме, талкуу жана диалог болбогонун белгиледи. Референдумдун датасын дайындоо референдум жөнүндө конституциялык мыйзамды бузуу менен өткөн, анткени референдумду дайындоонун мөөнөттөрү бузулган.

«Үгүт өнөктүгү башталгандан кийин аны колдогон жана каршы чыккан топторго бирдей шарт түзүлгөн эмес. Каршы чыккан топту административдик имараттарга кое бербей, студенттер менен жолгушууну үзгүлтүккө учуратып жатышты. Каршы чыккан топтун өкүлдөрүнө аңдуу жүрүп, жарандар менен болгон жолугушууларга укук коргоо органдарынын кызматкерлери келип, өздөрүн «мугалим» деп тааныштырып, каттоо баракчаларын сүрөткө тартууга жана каршы чыккандардын үгүтүн укканы келген адамдарды коркутуу максатында эстеп калууга аракет кылып жүрүштү», — деп жазды ал «Фэйсбуктагы» өз баракчасында.

Карасартова айрым депутаттар Конституциянын пайдасына жумуш учурунда үгүт жүргүзүшкөнүн жазууда. Анын айтымында, Бишкектин мектептериндеги карантин да мугалимдерди референдумга үгүттөөгө тартыш үчүн жарыяланган.

«Президент добуш берилип жаткан күнү референдум жөнүндө мыйзамдын 22 жана 23 беренесин одоно түрдө көз көрүнөө бузду, иш жүзүндө 30 пайыздык катышууну камсыз кылууга буйрук берди», — деп жазат Карасартова.

Карасартова жогорку окуу жайларынын окутуучулары студенттерди шайлоодо жана референдумда добуш берүүгө мажбурлап жүрүшкөн деп эсептейт.

«Коомдук түйүндөрдө санак маалында байкоочу тартып калган бюллетендин сүрөтү кеңири тарап кетти. Бюллетенде: «Мени кыйнап алып келди – КАРШЫ» деп жазылып турат. Эбегейсиз басым болгонуна карабастан, ар бир үчүнчү студент каршы добуш берди», — деп жазат Рита Карасартова.

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы үгүттөгөндөрдүн пикиринде, добуш берүүдө мугалимдерге, медициналык кызматкерлерге, социалдык жөлөкпул алуучуларга басым көрсөтүлгөн.

«Психоневрологиялык интернаттардын жашоочуларына референдумдун алдында тез арада жана тандап туруп паспорт беришти. Референдумда добуш берүүгө эң тил алчаактарын жана «көзөмөлгө баш ийчүлөрүн» алып барышты. Өз алдынчаларына паспорт берилген жок», — деп айтылат Рита Карасартованын билдирүүсүндө.