БШК референдумдун каршылаштары талап кылган добуш берүүнүн жыйынтктарын жокко чыгаруудан баш тартты

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы топту жетектеген укук коргоочу Рита Карасартова Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, референдумдун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылды. Борбордук шайлоо комиссиясы укук коргоочунун даттануусун карап чыгып, канааттандырган жок.

Карасартова референдумдун жыйынтыктарын тааныбаш үчүн көп себеп бар деп эсептейт:

  • түзөтүүлөр тууралуу демилгенин мыйзамсыз көтөрүлүшү;
  • референдумду дайындоодогу жол-жобонун бузулушу;
  • үгүт бирдей болбогону;
  • кошумча участоктордо студенттер, аскерлер жетекчилигинин кысымы астында добуш бергени;
  • добуш берүүнүн жашыруундугу бузулгандыгы, анткени бюллетень маркерди көрсөтүп туруп алган;
  • үгүткө дин ишмерлери катышканы;
  • шайлоого чейин бир нече күн калганда шайлоочулардын тизмесине байланышкан маселелердин келип чыкканы;
  • автоматтык урналардын жыйынтыктары соңку цифраларды кол менен санаган жыйынтыктардан кескин айырмаланганы.

Карасартова добуштарды кол менен саноодо адамдар түзөтүүлөргө каршы добуш берген бюллетендер түзөтүүлөрдү колдогондордун папкасына кошулуп калганын билдирди.

Укук коргоочунун айтымында, өтө көп участоктордо адамдар добуш бере албай кетип калышкан, бирок БШК аны эсепке алган эмес. Карасартова көптөгөн шаардык участоктордогу үзгүлтүк бекеринен болгон эмес деп эсептейт — бул Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккандарга добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес.

«Аймактарда референдумдун мааниси эмнеде болгонун түшүнбөгөн кишилер жөн гана барып түзөтүүлөрдү колдоп добуш берип жатышты. Референдумда мындай добуш берүүнү мыйзамдуу деп тааныганга болбойт. Көптөгөн суроолорго жана дал келбестиктерге БШК жооп берген жок», — деди ал Kloop.kgге.

Борбордук шайлоо комиссиясындагылар Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы топтун пириине макул эмес, анткени эгерде шайлоочулардын 30 пайызы добуш берген болсо, референдум өттү деп эсептелет. Аны өткөн жок деп табууга жана активисттердин даттануусун канааттандырууга негиз жок.

«Биз референдум өттү деген жыйынтыкты негиз тутабыз, анткени шайлоо участокторуна добуш берген жарандардын 42 пайызы келди. Референдумдун жыйынтыгын таануу жагынан маселе бар. Мен административдик ресурсту колдонуу — мажбур кылуу жана коркутуу болгонун тана албайм. Жеке мага бюджеттик чөйрөдөгүлөрдү мажбурлап жатышканы тууралуу билдирүүлөр келген», — деди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова даттанууда белгиленген маселелердин баары кылдат карала турганын айтты.

«Биз өлкөбүздөгү шайлоо процессин талдай турган жумушчу топ түздүк. […] Референдумдун жыйынтыктарын чыгарууда БШК ушул өңүттөрдүн баарын кеп кылат. Административдик ресурсту колдонуунун эч кандай далилдери катталган жок», — деди ал.

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдум 11-декабрда өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, түзөтүүлөрдү референдумга келген шайлоочулардын дээрлик 80 пайызы колдоп добуш берди. 

Сүрөт: YouTube

ТЕМА БОЮНЧА МАТЕРИАЛ:


Референдум жана жергиликтүү кеңешти шайлоо — 79,5% Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө макул, КСДП дээрлик бардык шаарларда алдыда