«Реал Мадрид» дүйнөнүн клубдук чемпионатында жеңишке жетишти

Чемпионаттагы жапондордун «Касима Антлерсине» каршы финалдык матч испан грандынын пайдасына 4:2 эсебинде аяктады.

Негизги убакыттын аягында табло 2:2 эсебинде тең чыгышты көрсөтүп турган, бирок кошумча убакытта жакында дүйнөнүн эң мыкты футболчусу болуп таанылган Мадрид «Реалынын» чабуулчусу Криштиану Роналду үчүнчү голду киргизип, өз клубун дүйнө чемпионатынын тарыхтагы экинчи кубогуна алып келди.

Мадриддиктер матчтын 9-мүнөтүндө эле эсеп ачышты. Топ атаандаштын дарбазасына тийип кайра келген соң Карим Бензема кайра тээп киргизди.

Сүрөт: The Sun

Оюндун жүрүшүндө тынбай үстөмдүк көрсөтүп келатып испандыктар алгачкы кырк беш мүнөттөн кийин бир аз боюн таштап жибергенде турнирдин кожоюну болгон жапондор учурдан пайдалана калып эң акыркы саамда гол киргизишти. Биринчи тайм 1:1 эсебинде аяктады.

Тыныгуудан кийин «Касим Антлерстин» футболчулары өзүнө ишене түшүп, алгачкы мүнөттөрдө эле чабуулга өтүштү. Топ киргизүүгө эки сыйра майнапсыз аракеттен кийин үчүнчүсү жолдуу болду. Жапон клубунун жарым коргоочусу Сибасаки Гаку экинчи гол киргизип, командасын 2:1 эсебине алып чыкты.

Сүрөт: Esportes

60-мүнөттө калыс «Касиманын» дарбазасына пенальти дайындап, Криштиану Роналдунун тепкени таамай тийип, дарбазачы эч нерсе кыла албай калды да, эсеп 2:2ге жетти.

Матчтын негизги убактысы бүткүчө эки команда тең абдан мыкты оюн көргөзүп, бирине бири үстөккө-босток чабуул коюп жатышты, бирок негизги убакыт ичинде эч кимиси турнирдин жеңүүчүсү боло албай, оюн кошумча убакытка өттү.

Сүрөт: Mirror

Кошумча убакыттын биринчи эле 15 мүнөтүндө «Касиманын» тынымсыз чабуулуга карабастан «Алтын топтун» ээси Криштиану Роналдунун эки голунан улам «Реал» алдыга чыгып, эсеп 4:2 жетти.

Жедеп алдан тайыган «Касима Антлерстин» футболчулары матчтын акыркы он беш мүнөтүндө эч нерсе кыла албай коюшту.

Сүрөт: FIFA

«Реал Мадрид» дүйнөнүн клубдук чемпионатында экинчи жолу баш байгеге жетишип отурат. Зинедин Зидан жанда жок утушсуз сериясын улантып келатат, ал эми Роналду дүйнөнүн клубдук чемпионатында үч голду катары менен киргизгенге жетишкен Пеледен кийинин экинчи футболчу болуп калды.

Кызык жери, бул финал — 2016-жылы «Реал» үчүн үчүнчүсү болду, үчүнчү ирет мадриддиктер оюнду кошумча убакытка чейин жеткирип, ал жерден атаандашынан жеңишти жулуп алып жатышат.

Дүйнөнүн клубдук чемпионатынын кубогу — 2016-жылда «Реал» үчүн үчүнчүсү. Май айында Мадрид клубу Чемпиондор лигасын, андан соң УЕФАнын Суперкубогун утуп алган.

Сүрөт: Eurosport

Клубдар арасында чемпионаттын кубогун утуп алуу жагынан мадриддиктерден «Барселона» гана — үч жолу — ашып түшкөн. Бардыгы болуп Европанын клубдары бул турнирди 10 жолу утуп алышкан, түштүк америкалыктар төрт жолу утушкан, башка континенттердеги клубдардын эч кайсынысы бир да жолу ута алган эмес.

Турнир Жапонияда декабрдын 8инен 18ине чейин өттү.

Башкы сүрөт: Reuters