Орусия: «Боярышник» менен ууланып өлгөндөрдүн саны 63 кишиге жетти [жаңыртылды]

Иркутскиде чукул кырдаал жарыяланды. Долононун сыгындысы кошулган ванна концентраты менен ууланып 63 киши көз жуумп, дагы ондогон киши ооруканада жатат. Жабыркагандардын баары концентратты ичкилик катары ичишкен.

Иркутскиде 20-декабрда долононун сыгындысы кошулган ванна концентратынан жапырт кырылгандарга аза күтүү жарыяланды. Чукул кырдаал режими адегенде Иркутск шаарында, кийинчерээк жалпы эле Иркутск облусунда жарыяланды.

Жалпысынан 63 киши өлүп, дагы 20 киши ооруканага жеткирилип, оор абалда жатышат.

Уулангандар жөнүндө алгачкы кабарлар 18-декабрда күндүз келип түшө баштады. Кийинки күнү кечинде шаар бийлиги чукул кырдаал жарыялады.

Жапырт кырылууга ал адамдар ванна концентратын ичкилик катары ичкени себеп болду.

Концентраттын тышындагы жазууда эритме этил спиртин камтый турганы жазылган, бирок чындыгында анын курамына адамдын ден соолугуна өлүм коркунучун туудурган метил спирти кирет.

Роспотребнадзор жана Иркутск полициясы «Боярышник» сатылган 100 соода түйүнүн таап, концентраттын 2 миң флаконун алышты. Мындан тышкары «Боярышникти» өндүрүү боюнча мыйзамсыз цех табылды.

Концентратты Орусиядагы «Легат» компаниясы өндүргөн, ал 2008-жылы ноябрда эле өзүн банкрот деп жарыялаган болчу.

Кремль болуп өткөн окуяны трагедия деп атады. Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев ванна концентратын сатыктан алып салууга буйрук кылды.

Вице-премьер Александр Хлопонин спирт кошулган өндүрүмдөргө тиешелүү мыйзамдарга киргизилчү түзөтүүлөр даяр болуп калганын айтты.

Анын сөзү боюнча, жаздан тартып Орусиянын мыйзамдарына спирти бар өндүрүмдүн сатылышына көзөмөлдү күчөтө турган түзөтүүлөр киргизилет.

Президент Владимир Путин орусиялыктардын концентрат менен ууланышы тууралуу азырынча эч нерсе айта элек.

Ванна концентраты жарандар ичип көнгөн жалгыз жасалма ичимдик эмес. Аракечтик менен ооруган адамдар алкоголь ичимдиктерин ичүүгө мүмкүнчүлүгү жок калса спирти бар лосьондорду, одеколондорду, микстураларды, айнек тазалагычтарды жана ал тургай жууй турган суюктуктарды да ичишет.

Орусияда жасалма ичимдиктерди ичүүдөн 2015-жылы 14 миң киши каза тапкан.

Сүрөт: Meduza