Түркияда Орусиянын элчиси өлтүрүлдү

КӨҢҮЛ БУРГУЛА: Бул материалда зомбулук көрүнүштөрүн камтыган видео бар.

Түркиядагы Орусиянын элчиси Андрей Карлов Анкарадагы көргөзмөдө кол салуунун натыйжасында киши колдуу болду. Орусиянын ТИМи элчинин өлүмүн террордук аракет деп атады.

Карлов Анкарада 19-декабрь күнү кечинде «Орусия саякатчынын көзү менен: Калининграддан Камчаткага чейин» аттуу көргөзмөнүн ачылышында киши колдуу болду.

Киши өлтүргүч иш-чарага сакчы катары кирип барган жана атышууда окко учту.

Ал орус элчисинин артында турган жана көргөзмөдө сүйлөп жатканда анын артынан аткан.

Окуяны көргөндөр киши өлтүргүч ок атаар алдында бир нерсе деп кыйкырганын айтышууда, бирок алардын маалыматы ар кандай чыгып жатат. Бири ок аткан киши «Биз Алепподо кырылып жатабыз, силер ушул жерде өлөсүңөр» деп кыйкырганын айтып жатышат, башкаларына исламисттик ураандар угулган экен.

https://twitter.com/_bje/status/810895558609084416

Карлов ооруканага жеткирилген учурда али тирүү болчу. Андан тышкары дагы бир нече киши жарадар болгон.

Түрк полициясы кол салган кишинин өздүгүн аныктады — ал Измирдеги полиция академиясынын бүтүрүүчүсү Мерт Алтынташ деп айтылууда.

ТАСС HaberTurk басылмасына таянуу менен киши өлтүргүч быйыл июлда Түркияда болгон төңкөрүш аракетинен кийин полициядан кызматтан кетирилгенин билдирүүдө.

Орусиялык элчини өлтүрүүнүн себептери азырынча белгисиз. Орусиянын ТИМи бул окуяны террор аракети деп атады.

Карлов Анкарада 2013-жылдан бери элчи болуп иштеп келаткан.

Кызмат ордунда киши колдуу болгон Орусиянын акыркы элчиси драматург жана акын Александр Грибоедов болгон — ал 1829-жылы Тегерандагы орус элчилигиндеги кандыбулоон маалында өлтүрүлгөн.