Мексикадагы фейерверк жарманкесиндеги жарылуу. 27 киши курман болду

Мексикадагы эң чоң фейерверк жарманкесиндеги жарылуудан 27 киши курман болуп, 70тен ашуун киши жарадар болду. Жарылуу коркунучунан улам полиция жарманкеден беш чакырым алыс жүрүүнү суранууда.

Сан-Паблито пиротехника базарындагы жарылуудан улам 27 киши каза таап, дагы 70и жарадар болду. Тегерек-четтеги үйлөр жабыркады.

Жарманкеде жарылбай калган петардалар дагы эле көп. Жаңы жарылуу коркунучунан улам полиция тургундарды базардан жок дегенде беш чакырым алыс жүрүүнү суранып жатат.

Полиция жана куткаруу кызматтары жарманкеде сатылып жаткан фейерверктердин баары күйүп бүткүчө күткөнгө мажбур болуп жатышат. Жерден түтүн чыгып, маал-маалы менен улам жаңы жер күйүп жатат.

Сан-Паблито Мексиканын борбору болгон Мехико шаарынан 32 чакырым аралыктагы Түлтепек шаарында жайгашкан.

Пиротехник базарында 2005 жана 2006-жылдары да чоң өрт чыккан.

Сүрөт: Эдуардо Вердуго/AP