«Боярышник» менен жапырт уулануунун айынан Орусияда мыйзамдын талабы күчөтүлөт

Иркутскиде долононун сыгындысы кошулган ванна концентратын ичкилик катары ичип алып 63 киши өлдү. Каргашага байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путин спирти бар өндүрүмдөрдүн акцизин көтөрдү.

Орусиянын президенти Владимир Путин жасалма ичкилик ичүүгө байланышкан маселени спирти бар өндүрүмдүн акцизин көтөрүү аркылуу чечсе болот деп эсептейт. Бул тууралуу жарлыкка ал 21-декабрда кол койду.

Мурда спирти бар медициналык каражаттар алкоголдук ичимдиктерге салынган салыктан бошотулган эле. Каза тапкандар ичип алган ванна концентраты медициналык каражат болчу.

«Чындыгында биз андай жеңилдиктер эмнеге алып келээрин көрүп атабыз: эл чымындай эле кырылып атат», — деди Владимир Путин.

Орусиянын өкмөтү курамында 25 пайыздан ашык этил спирти бар косметикалык, медициналык жана гигиеналык каражаттардын өндүрүшүн жана сатылышын катуу көзөмөлгө ала турган түзөтүүлөрдү мыйзамдарга киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Долононун сыгындысы бар ванна концентраты менен ууланып Иркутскиде 63 киши каза таап, 109 адам жабыркаган. Дагы 37 киши ооруканада оор абалда жатат. Жалпы Иркутск облусунда чукул кырдаал жарыяланды.

Тышындагы кагазда «дененин тышына гана колдонулсун» деген эскертүүгө карабастан, каза тапкандар концентратты ичкилик катары ичишкен.

Концентраттын тышында эритмеде этил спирти бар экени жазылган, бирок чындыгында анын курамына адамдын өмүрүнө коркунуч келтире турган метил спирти кирет.

«Боярышникке» байланыштуу бул концентратты өндүрүп, сатып жүргөн жети киши камакка алынды. Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев ванна концентратын сатыктан алдырып салды.

2015-жылы эле Орусияда жасалма ичкиликти — ванна концентраттарын, одеколондорду, айнек тазалагычтарды жана башка ичилбей турган спирти өндүрүмдөрүн — ичүүдөн 14000 киши өлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:


Орусия: «Боярышник» менен ууланып өлгөндөрдүн саны 63 кишиге жетти [жаңыртылды]