Милиция Бишкектин ортосундагы ок атышуу боюнча иликтөө баштады

Бишкектин борборунда Москва жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги ок атышуудан бир киши жабыркады. Милиция кызматкерлери окуяны иликтей башташты.

ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге эки айдоочунун ортосунда чатак чыкканын, натыйжада алардын бири ок тийип ооруканага жеткирилгенин кабарлады.

«[Айдоочулар] жол талаша түшкөн, сөздөн сөз чыгып отуруп мушташа кетишкен. Натыйжада алардын бирөө травматикалык тапанчасын алып чыгып атып жиберген», — деди ал.

Осмонбаевдин айтымында, милиция окуяны алдын ала иликтей баштады.

«Эки айдоочу тең 1989-жылы туулган, биринин автоунаасы “Тойота”, экинчисиники “Хонда”. Экөөнүн бирөө жөн эле жол бошотуп берип койсо бул окуя болмок эмес»,— деди ал.

Осмонбаев ок аткан айдоочу кармалып, милицияда көрсөтмө берип жатканын билдирди.

«Жабыркаган жарандын абалы азырынча белгисиз, анткени ал медициналык мекемеге эртең менен гана жеткирилген, биз аны тактап атабыз», — деди ал.

Ок атууну өз көзү менен көргөн киши окуя 11:35те Ибраимов көчөсүнөн анча алыс эмес жерде болгонун, чатак эки айдоочунун ортосунда эмес, айдоочу менен жөө кишинин ортосунда чыкканын «Спутниктин» кабарчысына айтып берди.

Күбөнүн айтымында, окуя жөө киши короодон чыгып, анын алдынан автунаа бурулуп келатканда болгон. Айдоочу менен жөө кишинин ортосунда сөздөн сөз чыгып отуруп мушташка айланган.

«Автоунаадан аял чыгып күйөөсүнө болуша баштады. Жөө киши ага да атырылды, ошондо айдоочу аны атып жиберди», — деди ал.

Күбөнүн айтымында, окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлерине кармалган адам боюнда бар аялын коргогонун айткан.

Сүрөт: Reuters