Депутаттар биометрикалык паспорттор жөнүндө мыйзам долбоорун четке кагып, аны ийине жеткире иштеп келүүнү сунуш кылышты

Парламенттин тармактык комитети биометрикалык маалыматтардын негизинде жаң паспортторду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда четке какты. Депутаттар аны жеткире иштеп чыгууну сунуш кылышты.

Парламенттин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети биометриялык паспортторду киргизүүгө жол ачкан «Өздүктү тастыктоочу улуттук документтер жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда четке какты.

Комитеттин төрагасы, «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиев паспорт берүү тармагы «жылаңач соода-сатыкка айланганын» билдирди.

«Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) жаранды эч ким азыркы паспортун алмаштырууга мажбурлабайт, бирок жаран кайсы бир маалымкат алганы барса ал документин алмаштырууга мажбур болот деп жатат. Мен долбоорго каршымын», — деди ал.

Ал эмне үчүн долбоорду өкмөт эмес, КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев сунуш кылып жатканын сурады.

«Чет элдиктерди каттоо жөнүндө мыйзам долбоорун өкмөт сунуш кылган, ал эми кеп-сөзгө депутаттар калды, анткени аны биз кабыл алганбыз. Азыр бул долбоорду кабыл алабыз дагы, өкмөт кайра суудан кургак чыгат», — деди ал.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев да документтер бекер берилбесе демилгени колдобогонго чакырды. Анын айтымында, адам өзүнүн жаран экенин далилдеш үчүн документ сатып алганы уят.

Ал каржы булагы аныкталмайынча мыйзам долбоорун кабыл албаганга үндөдү.

КСДП фракциясынын депутаты Тилектеш Исаев мыйзам долбоору чийки экенин жана ийине жеткире иштеп чыгуу талап кылынаарын айтты.

Маалымкат-негиздемеде биометриялык паспортторду киргизүү Кыргызстан калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин ишке киргизиш үчүн зарыл экени айтылат.

«Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргызстандын мамлекеттик бийлик органдары тарабынан берилип жаткан өздүктү тастыктоочу документтердин укуктук негизин түзүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Мындан тышкары, документте жарандын жекече жана биометриялык маалыматтары Кыргызстандын аймагында да, анын чегинен тышкары да колдонулушу мүмкүн экени белгиленет.

Микрочиптери бар паспорттор

МКК 2016-жылдын жазында 2017-жылдан тартып кыргызстандыктарга микрочиптери бар жаңы паспорттор бериле баштай тургандыгын кабарлаган.

Жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы жана жашаган жери тууралуу маалыматтар паспортко киргизилген микрочиптерде гана жеткиликтүү болот.

Паспорттун микрочиби айдоочулук күбөлүккө, пенсия китепчесине, социалдык камсыздандырууга жана банк эсебине байланат.

МККнын маалыматы боюнча мындай паспорттор Кыргызстандын жарандарына мамлекеттик органдарда бюрократияга туш болбой тейленүүгө мүмкүнчүлүк берет.

ТЕМА БОЮНЧА: