«Тумардын» бийчиси «Даңк» медалы менен сыйланды

Президент Алмазбек Атамбаев «Тумар» тобунун бийчиси Адина Самыйбек кызын «Даңк» медалы менен сыйлады. Ноябрдын аягында аталган бий тобу чех-словак өнөр сынагында 3-орунду алган.

Эрктүүлүк жана кайраттуулук көрсөткөнү үчүн үч кыргызстандыкты «Даңк» медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка Кыргызстандын президенти кол койду. Медалды бийчи Адина Самыйбек кызы да алган.

Адина Самыйбек кызынын буттары тубаса майып, бирок бул ага коляскачандардын «Тумар» бий тобунда брейк-данска түшүүгө тоскоолдук кылбайт. Коллективде жалпы беш адам бийлесе, алардын ичинен үчөө мүмкүнчүлүгү чектелгендер.

Коляскачан бийчилер ар кайсы эл аралык сынактарга катышкандан кийин таанымал боло башташкан. Коллектив 2015-жылы Түркиядагы өнөр сынагынын финалына чыккан. Андан кийин Украинада ошондой эле сынакка катышып, «Ачык Казакстан» сынагынын гран-присинин ээси болушкан.

Бийчилер 2016-жылы «Пара дэнс» бийи боюнча Кыргызстандын чемпионатында жеңишке жетип, Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу «IPC WEB Kazakhstan Open-2015» деп аталган коляскадагы спорттук бий турнирине катышкан. Анда алар Freestyle багытында «Топ менен аткаруу» боюнча 1-орунду алышкан.

Ал эми Single freestyle багытында аялдардын арасында Адина 2-орунду алган.

Мындан тышкары «Тумар» бий тобу быйыл Česko Slovensko má talent («Чехия менен Словакияда өнөрлүүлөр бар») эл аралык өнөр сынагынын финалына чыгып, 3-орунду алган.

Адина Самыйбек кызы менен кошо «Даңк» медалы менен Кыргызстандын дагы эки мүмкүнчүлүгү чектелген жараны сыйланган.

Майыптардын «Талыкпас-Ата» коомдук бирикмесинин жетекчиси Турсунбек Абдылдаев автокырсыкта эки бутунан ажырап калган жана балдарын өзү жалгыз тарбиялап келет. Ал үмүтүн өчүрбөй, техника оңдоп, эмерек жасоо менен алектене баштаган. Ал 2003-жылы эмерек цехин ачып, башка мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумуш менен камсыздаган.

Нарын облусундагы Ат-Башы районунун жашоочусу Рахатбек Үсөнкожоев алты жыл мурда кырсыкка кабылып, баса албай калган. Рахатбек да Турсунбек Абдылдаев сыяктуу балдарын өзү жалгыз карайт. Балдарын багуу үчүн ал этностилде баштык, куржун жана ат жабдыктарын жасоону үйрөнүп алган.

ТЕМА БОЮНЧА:


Майып коляскачан брэйк бийчилери: Кыргыздын «Тумары» кантип сахналарды багындырууда?