Орусия: Кыргызстандан барган мигранттар 1-январдан тартып медициналык камсыздама ала алышат

Орусияга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн барган мигранттардын баары 2017-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү медициналык камсыздандыруу кызматтарынан пайдалана алышат. Бул Кыргызстандан барган мигранттарга да тиешелүү.

Орусиядагы бардык эмгек мигранттары милдеттүү медициналык камсыздандыруу күбөлүгүн (камсыздама) ала алышат. Медициналык камсыздандыруу күбөлүгүн мигранттар 2017-жылдын 1-январынан тартып эле алса болот.

Эми мындан нары Орусиядагы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн барган мигранттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн медициналык тейлөө орусиялыктар менен бирдей деңгээлде болот.

Мурда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн барган мигранттар медициналык камсыздама ала алышчу эмес.

Октябрдын аягында Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык камсыздандыруунун эрежелерин өзгөртүүгө байланышкан буйрук чыгарган.

«Орусия бул чечимди кабыл алгандан кийин ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген түмөндөгөн мигранттар орусиялык жарандар менен бирдей социалдык кепилдиктерге ээ болушат», — деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын ички базар, маалыматташтыруу, маалымат-коммуникациялык технологиялар боюнча коллегиясынын мүчөсү Карине Минасян.

Медициналык камсыздама

Орусиянын жарандары үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик кепилдик программасы 2011-жылы иштей баштаган. Ал бекер медициналык жардамды өзүнө камтыйт жана бардык деңгээлдеги бюджеттердин (федералдык, аймактык, шаардык) жана камсыздама каражаттарынын эсебинен  көрсөтүлө турган медициналык кызматты аныктайт.

Камсыздама мигранттарга бекер медициналык жардам алганга жана кеңири тараган оорулардан бейтапканаларда же үйдө дарыланганга мүмкүнчүлүк берет. Камсыздама амбулатордук дарылоо пландалып жаткан олсо дары менен камсыз кылууну камтыбайт.

Медициналык камсыздаманын алкагына кош бойлуулук, төрөт жана бойдон алдыруу да кирет.