«Атанын керээзи» фильми «Ника» киносыйлыгына көрсөтүлдү

Кинематографисттер союзу «Атанын керээзи» кинокартинасын Орусия кинематография илимдер академиясынын сыйлыгына көрсөтүштү. Тасма «КМШнын мыкты фильми» номинациясында ат салышат.

Режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун «Атанын керээзи» фильмин Кыргызстандын кинематографисттери Орусиянын эң эски «Ника» киносыйлыгынын шорт-листине көрсөтүшкөн.

Кыргыз режиссёрлорунун алгачкы сыйлыктарынын бири «Алтын меридиан» Монреаль кинофестивалынан алган «мыкты дебют» наамы болгон.

Ал эми Алматыда өткөн эл аралык «Евразия» кинофестивалында Борбордук Азиядагы 2016-жылдын мыкты фильми катары «Тулпар» статуэткасына ээ болгон.

«Атанын керээзи» фильминен кадр.

Кыргызстанда бул фильм 22-декабрдан тарта кинотеатрларда көрсөтүлө баштады. Буга чейин ал америкалык престиждүү «Оскарга» ат салышып жаткан болчу.

Бирок америкалык Hollywood Reporter басылмасы «Оскарга» ат салышып жаткан тасмалардын шорт-листин жарыялап, алардын арасына кыргыз кинокартасы киргизилген эмес.

Фильмдин продюсери Талант Төлөбековдун айтымында, тасма Монреалдагы «Алтын меридиан» кино фестивалында баш байгени утуп алгандан кийин «Оскар» менен «Алтын глобустун» лонг-листине кошулган.

«Бул кыргыз кинематографиясынын тарыхында да, биздин өлкөнүн тарыхында да биринчи жолу болуп атат. Уюштуруучулар өздөрү демилге көтөрүп, биздин фильмди алдырышты. Кыргызстан үчүн бул өзүн көрсөтүүнүн алгачкы олуттуу аракети», — деген ал октябрдын башында Kloop.kg менен болгон маектеринин биринде.

Фильм тууралуу

«Атанын керээзи» фильми АКШда ата-энеси менен кошо 15 жыл жашаган жигит жөнүндө баяндайт. Ал Америкада көз жумган атасынын акыркы өтүнүчүн аткарыш үчүн Кыргызстандагы өз айылына барат.

Кыргызстанда ал үйү менен чарбасы каралбай калганын, атасынын иниси менен туугандары айылдан кетип калышканын билет. Фильмдин каарманы каралбай калган үйдү калыбына келтирип, атасынын карыздарын төлөйт.

Күндөрдүн биринде атасы үчүн түрмөдө отуруп чыккан бир тууганы келет. Бул жолугушуу атасы баш каарманга чын эле эмне керээз калтырганы тууралуу суроого жооп берүүгө тийиш.

ТЕМА БОЮНЧА:


Киносынчы Азамат Өмүралиевдин «Атанын керээзи» фильми боюнча рецензиясы